QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирген жана түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы деп таанылган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим алып, келечегин бул өзгөчө мекеменин концепциясы менен түзүүнү каалаган миңдеген жаштар 2025-жылдын 6-июлунда өткөрүлгөн “Манас” университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагында (“Манас” - СТЖС) күч сынашты.
Кыргызстанда бир гана жолу өткөрүлө турган “Манас” – СТЖС 2025 бул жылы дагы жогорку жоопкерчилик менен жана рекорддук сандагы абитуриенттердин катышуусунда өткөрүлдү. Сынак 14 имаратта жана 318 аудиторияда жүргүзүлдү. Жалпысынан 15 054 абитуриент Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим алуу кыялы менен сынак марафонуна чоң толкундануу менен катышты.
Саат 10:00дө башталган биринчи отурумда 9 504 абитуриент, ал эми саат 15:00дөгү экинчи отурумда 5 550 абитуриент өз билимин жана жөндөмүн сынашты.
Абитуриенттер таң эртеден баштап сынак борборлоруна келип, сынакка жогорку деңгээлде жоопкерчилик көрсөтүштү. Саат 09.00дөн тартып, жооптуу кызматкерлер абитуриенттердин сынак баракчаларын жана ID-паспортторун кылдаттык менен текшеришти. Электрондук шаймандар жана тыюу салынган материалдарды алып кирбөө боюнча алдын ала кабардар болгон абитуриенттер белгиленген эрежелерге ылайык сынак аудиторияларына киргизилди.
Ар бир баскычы жогорку даярдык менен пландалган бул сынакта абитуриенттердин билимдери менен катар алардын сабырдуулугу жана мотивациясы дагы сыналды. Ата-энелер бул маанилүү күнү балдарынын жанында болуп, сынак борборлорунун алдында дуба кылып, колдоо көрсөтүштү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Джейлан жана биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев таң эрте сынак борборлорун кыдырып, абитуриенттер жана алардын үй-бүлөлөрү менен жолугушту. Университет жетекчилери жаштарга ийгилик каалап, аларга моралдык колдоо көрсөтүштү.
“Манастык болуу – жөн гана тандоо эмес, бул келечекке карай чоң кадам”
Жолугушуулардан кийин басма сөз өкүлдөрүнө маек берген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети жөн гана жогорку окуу жайы эмес, ошол эле учурда көрөгөчтүктүн, маданияттын жана илимдин борбору экендигин баса белгиледи.
“Манастык болуу – жөн гана тандоо эмес, бул келечекке карай чоң кадам” – деген профессор Жейлан, “Манас” университетинде берилген билим бир гана диплом менен чектелбей, студенттерге эл аралык деңгээлде көз караш, заманбап илимий даярдык жана ар түрдүү маданий чөйрөдө билим алууну тартуулоого багытталгандыгын белгиледи.
Ректор өз сөзүндө быйыл университетке тапшыргандардын саны рекорддук деңгээлде жогорулагандыгын белгилеп, бул жетишкендик — “Манас” университетинин өсүп жаткан академиялык имиджи менен сапаттуу билим берүү түшүнүгүнүн ачык далили экендигин белгилеп өттү. Муну менен катар университетибизде быйыл ачылган Медицина факультети менен Кыргыз тили жана адабияты программасына абитуриенттер тарабынан чоң кызыгуу көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады.
Профессор Жейлан сынакка даярдык процесси абдан кылдаттык менен уюштурулгандыгын баса белгилеп, сынак суроолору жогорку деңгээлдеги коопсуздук иш-чаралары менен электрондук форматта даярдалгандыгын жана жыйынтыктары кыска убакыт ичинде жарыяланарын билдирди. “Абитуриенттерибиздин жетишкен ийгиликтери — толугу менен алардын эмгеги менен аракетинин жыйынтыгы. Бул процесске сырткы факторлордун кийлигишүүсү мүмкүн эмес. Бардык этаптар ачык-айкын, адилеттүү жана ишенимдүү система аркылуу жүргүзүлөт”, — деп билдирди.
“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сынактын процессине байланыштуу төмөнкүлөргө токтолду: “Бул сынактан өтүү оңой иш эмес. Бирок биз ийгиликке жеткендерди эле эмес, сынак учурунда өжөрдүк жана чечкиндүүлүк көрсөткөн бардык жаштарыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз. Анткени эң негизгиси бул сынакта башкалар менен тең тайлаша күч сынашуу. Эң билимдүү студенттер бул сынактан ийгиликтүү өтүп, “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп калышат деп үмүттөнөбүз”, — деди.
“Манаска” болгон кызыгуу жылдан жылга өсүүдө
КТМУнун биринчи проректору, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө “Манас” университети Борбор Азиядагы эң сапаттуу жогорку окуу жайларынын бири экендигин белгиледи. “Университетибиз сунуштаган академиялык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык деңгээлдеги билим сапаты менен жылдан жылга барган сайын көптөгөн жаштардын кыялына айланып келе жатат. Бүгүн миңдеген абитуриенттер университетибизде сапаттуу билим алуу үчүн күч сынашууда», — деген доцент Ибраев, университетке болгон кызыгуу ар жыл сайын өсүп жатканын кошумчалады.
Биринчи проректор Ибраев төмөнкүлөргө дагы токтолду: “Бүгүн сынак тапшырып жаткан абитуриенттер гана эмес, алардын үй-бүлөлөрү жана биз дагы толкунданып жатабыз. Бул маанилүү сынак процессинде бардык абитуриенттерге ийгилик каалап, кыялдарына жетишин чын дилимден каалайм”, — деп билдирди.
Өткөн жылдагыдай быйыл да сынак убактысына кечигип жаткан абитуриенттерди университеттин кызматтык унаасы сынак имаратына жеткирип турду. Бул иш-чаралар менен абитуриенттердин өз убагында жана көйгөйсүз сынак борборлоруна жетүүсү камсыздалды. “Манас” университетинин жетекчилигинин бул колдоо сапарын абитуриенттер жана алардын үй-бүлөлөрү кубануу жана ыраазычылык менен кабыл алышты.
Ата-энелер дагы абитуриенттерден кем эмес толкунданышты
“Манас” университетинин СТЖС сынагы учурунда толкундануу бир гана абитуриенттерге эмес, алардын ата-энелерине да мүнөздүү болду. Сынак борборлорунун алдында балдарын чыдамсыздык менен күткөн ата-энелер өз сезимдери менен басма сөз өкүлдөрү менен бөлүшүштү. “Биз дагы абдан толкунданып жатабыз. Балдарыбыз канчалаган айлар бою эмгектеништи, эми жыйынтыгын көрүү учуру келди”, — деп эне ой бөлүштү.
Дагы бир ата-эне өзүнүн ойлорун төмөнкүдөй билдирди: “Манас университети биздин балдар үчүн чоң кыял. Эгер алар ийгиликтүү өтүп кетишсе, сапаттуу билим гана алып тим болбостон, келечегине ишеним менен кадам таштай алышат. Университеттин билим берүү сапаты Кыргызстанда эң жогорку деңгээлде. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш табууда чоң артыкчылыктары бар экендигин билебиз. Ошондуктан биз жана балдарыбыз бул сынакты чоң жоопкерчилик менен карайбыз”, — деди.
Абитуриенттер сынактан кийин сезимдери менен бөлүштү
“Манас” университетинин СТЖС сынагынан кийин сынак аудиторияларынан чыккан абитуриенттер өз сезимдерин басма сөз өкүлдөрү менен бөлүштү. Сынакка чоң эмгек даярданып келген жаштар үмүт толгон сөздөр менен кыялдарын бөлүшүштү.
“Сынак мен күтүп жургөндөн бир аз татаал болду, бирок мен колумдан келишинче болгон күчүмдү жумшоого аракет кылдым. “Манас” университетинде окуу мен үчүн чоң кыял”, — деген билдирген абитуриент, жыйынтыктарды чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын белгиледи.
Кээ бир абитуриенттер болсо сынактын жалпы жүрүшү менен ыраазы болгондугун белгилеп, сынак өткөн шарттар тартипке ылайык жана ыңгайлуу болгондугун, жооптуу кызматкерлердин жылуу мамилелерин дагы белгилеп өтүштү.
Сынактан кийинки процесстин ачык жана жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл буруп келген “Манас” университети абитуриенттердин сынак жыйынтыктарын 2025-жылдын 8-июлунда электрондук портал аркылуу жарыялайт. Абитуриенттердин жыйынтыктарын www.manas.edu.kg жана www.exams.manas.edu.kg даректери аркылуу билип алуу мүмкүнчүлүгү болот.