Нур-Мубарак университетинин “Манас” университетине болгон сапары


  • 2025-06-30

2025-жылдын 30-июнунда Казакстандын Нур-Мубарак Египет ислам маданияты университетинин биринчи проректору, Др. Эршат Онгар Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди. Аны проректор, профессор Режаи Доган макамында кабыл алып, университеттин академиялык түзүмү жана эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш сапардын алкагында боордош эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Проректор Доган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы терең достук жана боордоштук байланыштар жогорку билим берүү тармагында түзүлө турган конкреттүү кызматташтыктар аркылуу дагы да бекемделерин белгиледи.

Тараптар бири-бирине белектерди тапшырышкан соң жолугушуу эки университеттин ортосундагы достук мамилени чагылдырган жамааттык эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү