Эки университеттин биргелешкен искусство иш-чарасы: “Манас кечи”


  • 2025-06-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети биргеликте маданий мааниси терең, жүрөктөрдү элжиреткен керемет поэзия кечесин уюштурушту. “Манас кечи” деп аталган бул өзгөчө кеч үстүбүздөгү жылдын 30-май күнү “Оба” чай бакчасында өткөрүлдү.

Иш-чара ага окутуучу Таалайкүл Ташманбетованын жетекчилиги астында даярдалып, эки окуу жайдын таланттуу студенттери сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты. Оркестрдин жан дүйнөнү тербеткен коштоосунда сүйүү тууралуу жазылган ырлар кыргыз жана түрк тилдеринде көркөм окулду.

Ошондой эле  “Hayat bayram olsa”, “Кел, бийлейли, ырдайлы!” аттуу обондуу ырлар да жаңырды. Ыр менен ыргалган үндөр, сүйүү менен сугарылган ыр саптары  көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартуулады.

Бул кече эки окуу жайдын ортосундагы маданий байланыштын тереңдигин дагы бир ирет көрсөтүп, искусство сүйүүчүлөрүнө өзгөчө руханий азык берүү менен эсте каларлык таасир калтырды.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү