Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын студенттерге багытталган башкаруу түшүнүгүнүн жыйынтыгы катары ар бир семестрде үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген студенттик жолугушууларынын бири 23-май күнү КТМУнун конгресс жана маданият борборунда болуп өттү.
Бул маанилүү маек - ректор менен студенттердин бетме-бет баарлашуусуна, алардын ой-пикирлерин, сунуш-талаптарын жана көйгөйлөрүн ачык билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү менен өзгөчө мааниге ээ болду.
Заманбап билим берүү түшүнүгүн көздөй
Профессор Жейлан Азирети Мевлананын таалимдерине жана Юнус Эмренин “Илим - илимди билүү, илим - өзүңдү билүү дегенди билдирет” , - деген сөзүнө таянып, илим жолунун жөн гана билим алуу гана эмес, адамдын ички өзгөрүшүн, адеп-ахлак, баалуулуктар менен да калыптанышы керек экенин баса белгиледи. Билим алуунун максаты техникалык билим менен гана чектелбестен, мазмундуу жана мартабалуу жашоо үчүн зарыл болгон ар тараптуу адамдык өнүгүү экендигин да баса белгилеп өттү.
Тиешелүүлүктү калыптандыруу: Эмгек жана мүнөз
Чыңгыз Айтматовдун “Адам - эмгек сиңирген жерине гана тиешелүү болот” , - деген сөзүн эске салган ректор Жейлан “Манас” университети студенттерине бир гана академиялык билим бербестен, ошол эле учурда тиешелүүлүк сезимин бекемдеген мүнөз да берерин билдирди. Студенттердин университетке жумшаган эмгеги - бул мекемеге болгон берилгендикти жана ээлик кылуу сезимин күчөтөрүн айтты.
“Манастык” болуу: Өзгөчө болууну гана эмес, жоопкерчиликти да алып келет
КТМУнун инфраструктурасы жана студенттерге багытталган кызматтары жөнүндө да айтып өткөн профессор Жейлан интерактивдүү класстар, санарип китепканалар, жатакана шарттары, стипендиялык системалар, саламаттыкты сактоо жана тамак-аш кызматтары студенттердин академиялык жана социалдык жактан өнүгүшүн колдоо үчүн комплекстүү ыкма менен уюштурулганын билдирди. “Бул мүмкүнчүлүктөр “Манастык” болуунун өзгөчөлүгүн чагылдырып гана тим болбостон, ошол өзгөчөлүктүн жүктөгөн жоопкерчилигин да кошо алып жүрөт,” - деп, студенттерди активдүү жана аң-сезимдүү инсан болууга чакырды.
Концепциянын өзөгү болуу
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан студенттерден сабактарга катышуу менен чектелбестен, критикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылык менен алектенүүнү жана коомго салым кошуу аракетин күтөөрүн белгиледи. “Манас” университетинин негизги максаты - заманбап, активдүү жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо экенин баса белгилеп,
“Сиздер бул концепциянын жөн гана бир бөлүгү эмес, анын өзөгүсүздөр”, - деди.
Ректор Жейлан маек учурунда “Манас” университетинде медицина факультети менен кыргыз тили жана адабияты программасы ачыларын сүйүнчүлөдү. Бул кабар студенттер тарабынан чоң кубаныч менен кабыл алынып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп отурушту.
Жагымдуу атмосферада өткөн иш-чара ректор Жейлан менен студенттердин ортосундагы бекем байланышты дагы бир жолу айгинеледи. Сөзүн жыйынтыктап жатып, профессор Алпаслан Жейлан программанын башында айткандай, “Манастык болуу - өзгөчө болуу менен катар, жоопкерчиликти да алып келет”, - деген түшүнүктү кайра эске салып, бул жөн гана сөз эмес, жашоонун жол көрсөтүүчү багыты болушу керектигин белгиледи.
Маек студенттер менен эстеликке сүрөткө түшүү менен аягына чыкты.