“Манас” университетинде жаштар жана спорт майрамы


  • 2025-05-16

2025-жылдын 19-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде XV “Ден соолук” спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. 19-май - Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесине арналган аталган иш-чара спорт илимдери факультети тарабынан уюштурулду.

Салтанаттуу аземге окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан, спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Джанузаков, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, коммуникация факультетинин деканы, доцент, Угур Үнал, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер катышты.

Иш-чара Түркиянын улуу лидери Ататүрктү бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

Аземде сөз сүйлөгөн университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан спортко жана жаштарга берилген маанини баса белгилеп, мындай деп улантты: “Ататүрк айткандай, акылдуу, адеп-ахлактуу инсандар спортту сүйүшөт жана спорт да аларды сүйөт. Биз үчүн студенттердин ийгиликтен да, спорт да ырахат алганы маанилүү.”

Ректор Жейлан КТМУ - салттуу спорт оюндарын жашаткан, аларды заманбап билим менен айкалыштырган окуу жай экенине көңүл буруп, буларга токтолду: “Түрк элдери катары салттуу спорт оюндарын коргоо биздин милдетибиз. Бул багыттагы аракеттер мындан ары да уланат.”

Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Джанузаков мелдешке катышкан бардык академиялык жана административдик кызматкерлерди, студенттерди куттуктады. Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер деген спорттук наамга татыктуу болгон спортчулардын бул жетишкендиги университет үчүн чоң прогресс экенин баса белгиледи.

Студенттер менен академиялык жана административдик кызматкерлердин ортосундагы мелдештердин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишип, алдыңкы орундарга жетишкендерге сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттуу азем эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

Белгилей кетсек, бул иш-чара университеттин жамааты үчүн биримдикти бекемдөө, спорттун жана дене тарбиянын өнүгүүсүнө салым кошуу багытында жыл сайын уюштурулуп келет.

    Социалдык медиада бөлүшүү