“Манас” университетинде “Карьера күнү”


  • 2025-04-28

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Карьера өнүктүрүү кеңсеси тарабынан иш берүүчүлөр менен биргеликте “Карьера күнү” иш-чаралары болуп өттү. Кыргызстандын алдыңкы ишкана жана мекемелеринин өкүлдөрү келген иш-чаралардын расмий бөлүгү Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайыбыздын ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, карьера өнүктүрүү кеңсесинин жетекчиси, доцент Сейил Нажимудинова, окутуучулар жана студенттер катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан программанын ачылыш сөзүн сүйлөп, университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанга салым кошуусу жана туулуп-өскөн жерлерине кызмат кылуусу үчүн чоң аракеттерди көрүп жатышканын билдирди. “Биздин эң чоң тилегибиз - бүтүрүүчүлөрүбүздүн биринчи кезекте ата мекенге, Кыргызстанга кызмат кылуусу. Жаштарыбыз сапаттуу билим алышууда. Башкысы, окууну аяктагандан кийин ар кайсы өлкөлөрдө карьера кылуунун ордуна киндик каны тамган жерине кызмат кылуусу”, – деди.

Карьера бир гана жумуш табуу эместигин баса белгилеген профессор Жейлан: “Карьера – бул чындыгында адамдын коомдун ичиндеги талантын ачуу, көндүмдөрүн өркүндөтүү жана ага жараша жол картасын түзүп берүү”, - деп, мындай иш-чаралар улана турганын жана күзүндө дагы өткөрүлөрүн кошумчалады.

50дөн ашуун ишкана менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү

Карьера өнүктүрүү кеңсесинин жетекчиси, доцент Сейил Нажимудинова билим менен өндүрүштүн интеграциясын айкалыштырып, студенттердин ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөшөрүн баса белгилеп, бул иш-чаралардын карьера пландоо, өзүн өзү өнүктүрүү жана нетворкинг кылууда да мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Чакан концерттик программа менен иш-чара уланып, андан соң Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчада Kyrgyz Concept, DemirBank, О! Банк, “Шоро”, “Биовит”, УТРК жана башка 50дөн ашуун ишкана жана мекемелердин стенддери орун алып, студенттер иш берүүчүлөр менен жолугушту.

Программа студенттерге иш дүйнөсүнө кадам таштоого мүмкүнчүлүк берүү менен бирге профессионалдык багыт көрсөткөн байланыш курууга да шарт түздү.

    Социалдык медиада бөлүшүү