КТМУда II Айыл чарба студенттик конгресси ийгиликтүү өткөрүлдү


  • 2025-04-27

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл чарба факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттери тарабынан II Айыл чарба студенттик конгресси уюштурулду.

Конгресске айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен жана окутуучу, профессор Хасан Хусейин Ары, окутуучулук курам, студенттер жана “Agrimatco” компаниясы катышты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн факультеттин деканы, профессор Ахмет Айгүн студенттерге кайрылып, мындай деди: “5 жыл бою окуу жайдан алган теориялык жана практикалык билимиңиздерди Кыргызстандын айыл чарба тармагында колдонуп, өзгөчөлүк жаратыңыздар. Башка бир тармакка мажбур болбосо кетпеңиздер. Себеби айыл чарба тармагы жашоонун негизи, бардык жеринде кездешет, андыктан абдан баалуу.”

Конгрессте айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иштерин камтыган 6 отурум өткөрүлүп, анда жалпысынан 32 баяндама жасалып, студенттерге теориялык билимдерин, жөндөмдөрүн жана тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Студенттер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл чарба факультетинин практикалык талааларынын топурак анализи”, “Күнөскана шартында Tuta Absoluta’нын популяциясынын өнүгүүсүн изилдөө”, “Кыргызстандагы буудайдын илдеттери жана аларга каршы күрөшүү чаралары”, “Топурак бактериялары жана алардын биологиялык активдүүлүгү”, “Түрдүү кургатуу ыкмаларынын кургатылган өрүктүн мөмө өзгөчөлүктөрүнө тийгизген таасирлери”, “Кыргызча-Түркчө бакча өсүмдүктөрүнүн сөздүгү”, “Кыргызстандагы дары чөптөрдүн абалы жана мааниси” жана башка темадагы дипломдук иштеринин негизинде презентация жасашты.

Бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерин калыстар тобуна гана эмес, ошол эле учурда бул изилдөөлөрдү кеңири аудитория менен бөлүшүү аркылуу алардын көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү