2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында белгилүү сүрөтчү-керамисттер Жумагул Ташиев жана Ормонали Идирисовдун топтук көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Маданий иш-чарага көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршад Гүлбейаз баштаган окутуучулук курам, студенттер жана коноктор катышты.
Өмүрүн карапачылыкка арнаган, керамика чебери Жумагул Ташиев жана белгилүү сүрөтчү Ормонали Идирисовдун көргөзмөгө коюлган эмгектери университеттин искусство чөйрөсүндөгү ордуна таасир эткен чоң мааниге ээ болду. 1990-жылдардан бери бирге иштешкен чыгармачыл тандемдин топтук көргөзмөсүндө эстетикалык ырахат тартуулоочу түрдүү эмгектер коюлду.
Искусство сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон иш-чара маданий баалуулуктарды жайылтууга жана чыгармачыл кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.