Азербайжандын маданият министринин орун басары Хусейинов КТМУнун ректору, профессор Жейлан менен жолугушту


  • 2025-04-24

Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында Бишкек шаарына иш сапары менен жүргөн Азербайжан Республикасынын маданият министринин орун басары Мурад Хусейинов жана Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфеддин оглу Гандилов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болушту.

Анда ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор; профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Азербайжан улуттук консерваториясынын проректору, профессор Лале Хусейинова жана Баку музыкалык академиясынын окутуучусу, профессор Элнара Дадашова да орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы маданий байланышты чыңдоо, жогорку билим берүү тармагында биргелешкен академиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана искусствого негизделген кызматташууну кеңейтүү боюнча кеңири баарлашуу жана пикир алмашуу болду.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан боордош Азербайжандан келген кадырлуу конокторду “Манас” университетинде тосуп алууга кубанычта экенин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.

Андан соң тараптар бири-бирине белектерди тапшырып, достук мамилени чагылдырган жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Мындан тышкары, делегация өкүлдөрү КТМУнун көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Күршат Гүлбейаздын жетектөөсүндө факультеттеги сүрөт, музыка жана башка көркөм студияларды кыдырышты. Студияларда жүргүзүлүп жаткан чыгармачыл иштер тууралуу кенен маалымат алып, студенттердин чыгармачылыгын жана искусствого болгон кызыгуусун жогору баалашты.

Бул сапар боордош эки элдин университеттери ортосундагы маданий жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам катары бааланды.

    Социалдык медиада бөлүшүү