Ата Журтта 23-апрель шаңы биримдик жана кубаныч менен белгиленди


  • 2025-04-23

23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү, ошондой эле Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 105 жылдыгын белгилөө иш-чаралары Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Ататүрк сейил багында уюштурулган гүлчамбар коюу аземи менен башталды.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, элчиликтин өкүлдөрү жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана профессордук-окутуучулук курам, Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери, окуучулары, уюмдардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу азем Ататүрктүн эстелгине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, андан соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги кеңсеси (TİKA), Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы, Түрк-Кыргыз ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги (TÜKİD) жана Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр ассоциациясы гүлчамбарларын коюшту.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин Ататүрк жана анын куралдаш жолдоштору, ошондой эле бардык шейиттер бир мүнөттүк тыным менен эскерилип, артынан Түркия Республикасынын Улуттук гимни жаңырды.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем аземде сүйлөгөн сөзүндө улуттук көз карандысыздыктын маанисине токтолду. Элчи Өкем түрк эли эр жүрөк, илимдүү, билимдүү, ыймандуу эл экенин белгилеп, мындай деди: “Түрк эли – негиздөөчү; эч кимден мурас албаган жана эч кимге мурас калтырбаган өз мамлекеттерин негиздеген. Бирок өз мурасын ар дайым коргоп келген.”

Элчи Өкөм сөзүнүн соңунда Түркиянын келечекте мындан да жакшы күндөргө жетиши үчүн аракет кылып жатканын белгилеп, “Мен да бул элдин бир өкүлү катары келечекте өлкөбүздүн дагы да өнүгүп, бийиктиктерге жетиши үчүн эмгектенип жаткан республиканын уулумун. Баарыңарга салам айтам, аман болуңуздар!” — деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чара сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Кичинекей жүрөктөр “Манас” университетинде жолугушту

Бишкектеги №93 орто мектептин окуучулары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 105 жылдыгын жана 23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн “Манас” университетинде өзгөчө шаң менен белгилешти.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан майрамга карата жолугушууга келген жаш жеткинчектерди чоң кубаныч менен тосуп алды. Аларга окууларына ийгиликтерди каалап, бул маңыздуу күнү кызматтык креслосун өкүлү катары 1-класстын окуучусу Сумая Шарыпбековага тапшырды.

Андан соң окуучулар биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев макамында конок болушту. Баары биргеликте 23-апрель майрамынын шаңын бөлүшүп, кубануу менен белгилешти.

 

Manas TV'nin Haberleri:

https://youtu.be/JJOazi5xAbQ?si=tSiNpiGV12BPQALM

https://youtu.be/gxgEZrjJ5po?si=saTfChOrxou7i4x5

https://youtu.be/1vBvVFU9q-Y?si=QbaF-MQjM9GmLgbJ

    Социалдык медиада бөлүшүү