Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин студенттери 23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнө карата маңыздуу көргөзмө уюштурду.
Кесиптик жогорку мектептин техникалык программалар, экономикалык жана башкаруу программалары бөлүмдөрүндө окуган студенттер сабактын алкагында даярдаган долбоордук тапшырмаларын көргөзмөгө алып келип, майрамдык шаңга салым кошушту.
Көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Режаи Доган жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ катышты.
Көргөзмөдө жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасынын студенттери тарабынан чоң эмгек менен даярдалган миниатюралык эмеректер көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери тарабынан балдар үчүн кийизден даярдалган жомок китептери да көпчүлүктүн купулуна толду. Айрыкча, балдардын моторикалык жөндөмдөрүн колдогон мазмундуу долбоорлор көргөзмөнүн эң көрүнүктүү иштеринин арасында болду.
Бул көргөзмө окуучулардын өндүрүмдүүлүгүн, креативдүүлүгүн жана балдарга болгон сезимталдыкты көрсөтүп, 23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнө ылайыкташкан тарбиялык да, шыктандыруучу да иш-чара катары бааланды.
Manas TV'nin Haberi: