Кыргыз-Түрк “Манас” университети академиялык жетишкендик жолунда дагы бир маанилүү кадам таштады. 2025-жылдын 14-15-апрель күндөрү Аккредитация комиссиясынын жыйындары натыйжалуу отурумдар менен ийгиликтүү аяктады.
Жыйынга КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, аккредитациялоо комиссиянын мүчөлөрү жана көптөгөн окутуучулар катышты.
Аккредитациялык текшерүү эл аралык деңгээлде таанылган Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО)
Тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун негизинде 29 бакалавриат, 7 магистратура жана 4 докторантура программаларын камтыган жалпы 40 академиялык программа аккредитациялык текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.
Жыйындын жүрүшүндө уюштурулган отурумдарда аккредитациялык текшерүү иштери кылдаттык менен каралып, сапатты камсыздоо системалары кеңири талкууланды.
Учурдагы долбоорлорго баа берилип, туруктуу билим берүү жана окутуу стандарттарын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык сунуштар берилди.
Академиялык түзүмдөрдүн активдүү катышуусунда өткөн отурумдар “Манас” университетинин корпоративдик өнүгүү концепциясына маанилүү салым кошуу менен бирге жогорку билим берүүдө сапатка багытталган мамиленин мекеме деңгээлинде мындан ары да чыңдалышынын пайдубалын түздү.
Аккредитация процессинин ийгиликтүү аякташы, КТМУнун интернационалдаштыруу багытындагы концепциясын бекемдөө менен бирге студенттерге жана бардык кызыктар тараптарга берген жогорку сапаттагы билим берүүнүн далили катары да белгиленди. Мындан тышкары, “Манас” университети аймактагы лидерлигин бекемдеп, глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир кадам алдыга жылдырууга жетишти.
Manas TV'nin Haberi: