Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин “Калем” студенттик клубу 2025-жылдын 16-апрелинде маанилүү семинар уюштурду. Семинарга Нежметтин Эрбакан университетинин ректору, профессор Жем Зорлу спикер катары чакырылган.
“Пайгамбардын (с.а.в.) өрнөктүү өмүрүнөн алынуучу универсалдуу билдирүүлөр” аттуу семинарга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, университеттин окутуучулары жана студенттер катышты.
Профессор Жем Зорлу семинарда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өрнөктүү өмүрүнөн жалпыга таандык билдирүүлөр боюнча гана маалымат берип тим болбостон, ошондой эле өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан үзүндүлөрдү айтып, студенттерге багыт берүүчү акыл-насааттары менен да бөлүштү.
Билим алуу чөйрөсү бир гана академиялык ийгиликтен турбаганын баса белгилеген профессор Зорлу адеп-ахлак, чынчылдык жана ыймандуу жашоонун жеке өнүгүүдө да, студенттик доордо да негизги баалуулуктар экенин айтты.
Иш-чаранын соңунда КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кошкон баалуу салымы үчүн профессор Жем Зорлуга рахмат айтып, ага ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Студенттер кызыгуу менен катышкан семинар академиялык жактан да, руханий жактан да катышуучулар үчүн унутулгус тажрыйба тартуулады.
Manas TV'nin Haberi: