Ветеринария факультетинин студенттерине кесиптик халаттарын кийгизүү аземи


  • 2025-04-16

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинин 1-курсунун студенттерине XVI Салттуу кесиптик ак халат кийгизүү аземи болуп өттү. Жаш адистердин кесиптик жолуна болгон алгачкы кадамын белгилеген иш-чара үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулду.

Салтанаттуу аземге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана алардын ата-энелери, жакындары катышты.

Бул жылы 16-жолу өткөрүлүп жаткан салтка айланган иш-чара факультеттин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталды.

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн  ректор, профессор, доктор Алпаслан Жейлан ветеринария факультети күчтүү инфраструктурасы, техникалык жабдуулары жана заманбап ооруканасы менен Борбор Азиянын жаркыраган жылдызы экенин баса белгиледи.

Түркия Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүн жазган Мехмет Акиф Эрсойдун да ветеринар экенин эске салган профессор Жейлан студенттерге кайрылып, “Сиздердин милдетиңиздер бир гана жаныбарларды сүйүү эмес, ошол эле учурда адамзатка, өлкөгө жана улутка маанилүү салым кошуу”, - деди.

Профессор Жейлан “” университетинин билим берүү ыкмасына да көңүл буруп, мындай деди: “Окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсү адамдарга, жан-жаныбарларга, өлкөгө жана жаратылышка болгон сүйүү сезимдерин жүрөгүндө алып жүрүү менен бул дүйнөгө баалуулук кошот деп ишенем.”

“Ак халат кийим гана эмес, жоопкерчиликтин, сүйүүнүн жана берилгендиктин символу”

Ветеринария адистигинин дүйнө жүзү боюнча маанилүүлүгүнө көңүл бурган декан, профессор Исмаил Шен факультетке жаңы кадам таштаган студенттерге кайрылып, “Бүгүн сиздер бул жакта биздин кесиптин символу болгон ак халатыңыздарды киесиздер. Ак халат кийим гана эмес, жоопкерчиликтин, сүйүүнүн жана берилгендиктин символу”, - деди.  

Ак халаттын маанисин баса белгилеген профессор Шен буларга токтолду: “Бул халатты кийген адам адамзаттын ден соолугуна, жаныбарларга жана жаратылышка болгон урмат-сыйын аталган тармакта берилгендик жана сүйүү менен көрсөтөт.”

Жаш ветеринар адистерине болгон ишенимин билдирген профессор Шен: “Сиздер бул кесипти билим, эмгек жана сүйүү менен эң мыкты аткарасыңар деп чын дилимден ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин 1-курстун студенттерине кесиптик халаттарын кийгизүү үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ветеринария факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле гуманитардык, көркөм өнөр жана табигый илимдеринин факульттеринин окутуучулары дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнадан орун алышты.

Иш-чара чакан концерттик программа тартууланган соң соң ветеринария факультетинде өзгөчө шаң менен уланды. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул маңыздуу күндү студенттер менен чогуу белгиледи. Келген конокторго ветеринария факультетинин студенттери тарабынан даярдалган тамак-аш тартууланып, иш-чара жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/cvaX2UxBb1M?si=pLVXsbQW7aL2fB1w

    Социалдык медиада бөлүшүү