КТМУнун ректорлугу Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Өкем менен жолугушту


  • 2025-04-14

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев 2025-жылдын 14-апрелинде Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Мекин Мустафа Кемал Өкемге куттуктоо сапары менен барышты.

Жолугушууга КТМУнун проректорлору, профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле башкы катчы, профессор Исмет Алынташ да катышты.

“Манас” университетинин жетекчилиги элчи Өкемге жаңы кызматында ийгилик каалап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин жана билим берүү тармагындагы кызматташуу мындан ары да чыңдалат деген ишенимин билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү