Эразмус+ KA171 долбоорунун алкагында 2025-2026 окуу жылынын күзгү жана жазгы семестрлерине Күтахья Думлупынар университетине конкурс ачылды


  • 2025-03-13

Кыргыз-Түрк Манас университети жана Күтахья Думлупынар университетинин (Түркия) ортосунда кол коюлган Эразмус+ KA171 келишиминин алкагында 2025-2026-окуу жылынын күзгү же жазгы семестрлери үчүн таблицада берилген бөлүмдөр жана окуу даражаларында окуган студенттер үчүн конкурс ачылды. Конкурстун жыйынтыгында 2 студент тандалып алынат.

Менеджмент

Бакалавриат, магистратура, докторантура

Экономика

Бакалавриат, магистратура, докторантура

Финансы программасы

Бакалавриат

Эл аралык байланыштар

Бакалавриат, магистратура

Социология

Бакалавриат, магистратура, докторантура

Синхрондук котормо бөлүмү (Кыргызча-англисче программасы)

Бакалавриат

Англис тили жана адабияты

Бакалавриат, магистратура,

Тюркология

Бакалавриат, магистратура, докторантура

Тарых

Бакалавриат, магистратура, докторантура

Талап кылынган шарттар:

  • Бакалавр даражасында окуган 2-курстун студенти болуу,
  • Жалпы баа орточо балл GPA 3.00 кем эмес болушу керек.
  • Магистратура жана докторантура даражасында окуган студенттер сабак алуусу шарт жана жалпы баа орточо балл 3.50 кем эмес болушу керек.

Студенттерге тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • CV
  • Мотивация каты
  • Студенттик күбөлүк
  • Чет тили боюнча сертификат (түрк же/жана англис тил)
  • Паспорттун көчүрмөсү

Документтер Тышкы байланыштар бөлүмүнө (Коммуникация факультети, 1-кабат, А-105 бөлмө) колдон тапшырылат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 4-апрели, 17:00.

    Социалдык медиада бөлүшүү