Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан Петер Пазманя католик университетинен келген делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болушту. 2025-жылдын 6-мартындагы жолугушууда делегация өкүлдөрүн КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков тосуп алышты.
Делегациянын курамын Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин Ардактуу консулу Диорд Тар, Петер Пазманя католик университетинин маалыматтык технологиялар жана бионика факультетинин эл аралык кеңсесинин жетекчиси Андреа Михальффи, социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин эл аралык координатору Агнес Ревицки-Балог, эл аралык иштер борбордук кеңсесинин эл аралык координатору Юдит Зомбори жана эл аралык иштер борбордук кеңсесинин жетекчиси Бенце Тамаши түздү.
Сапардын жүрүшүндө тараптар 2024-жылы кол коюлган кызматташтык протоколунун алкагында Кыргызстанда Петер Пазманя католик университети менен алгачкылардан болуп кызматташтык келишимине кол койгон окуу жай “Манас” университети экенин баса белгилешти.
Тараптар кызматташуунун алкагында эки университеттин академиялык кызматкер, изилдөөчү жана студент алмашуу программалары менен биргеликте илимий иш-чаралар, семинарлар, конгресстер жана симпозиумдарды өз ара улантыларын жана бул өнөктөштүк илимге салым кошоорун билдиришти.
“Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты маанилүү кадам катары баалап, бул күчтүү байланыштар узак мөөнөттүү келечекте көптөгөн илимий долбоорлорго себеп болот деген ишеничин билдирди. Мындан тышкары, жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, университеттердин ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн академиялык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошоорун баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында делегация “Манас” университетинин “Манас” телеканалынын студияларын кыдырып, окуу жайдын өнүккөн медиа-инфраструктурасы тууралуу маалымат алышты. Делегация мүчөлөрү заманбап студия жана техникалык жабдууларын көрүп, “Манас” университетинин медиа тармагындагы инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстан үчүн дагы, окуу жай үчүн дагы маанилүү экенин айтышты.
Бул сапар эки университет ортосундагы академиялык жана маданий байланыштарды бекемдөө багытында маанилүү кадам катары бааланды.
Haberin Fotoğrafları: