Спорт жана альпинизм тармагындагы кызматташтыкты бекемдеген жолугушуу


  • 2025-03-02

2025-жылдын 28-февралында Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп, ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган федерация менен окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча маанилүү кадамдар талкууланып, Кыргызстандын альпинизм чөйрөсүн мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу сөз болду.

Тараптар спорт жана альпинизм тармагындагы жаңы жетишкендиктерге жетишүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилешти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGsPrevNHL0/?igsh=ZWJoeXJveGJ3c2Jn

    Социалдык медиада бөлүшүү