2026–2027-окуу жылынын күзгү семестри үчүн Pázmány Péter Catholic University (Венгрия) Erasmus+ программасына арыздар кабыл алынат


  • 2026-03-30

Биздин университет менен Pázmány Péter Catholic University (Венгрия) ортосундагы Erasmus+ келишиминин алкагында, Тарых жана Археология багыттары боюнча магистратура жана докторантура студенттери үчүн 2026–2027-окуу жылынын күзгү семестри үчүн арыздар кабыл алынат.

Күзгү семестрдин мөөнөтү:
(Кабыл алуучу университеттин академиялык календарына ылайык аныкталат)

Контингент:
2 студент

Жеткиликтүү багыттар:
• Тарых
• Археология

Erasmus+ программасынын алкагында студенттерге грант берилет, бирок кошумча чыгымдар студент тарабынан жабылышы мүмкүн. Жол жана жатакана чыгымдары Pázmány Péter Catholic University тарабынан каржыланат.

 Талап кылынган документтер:
• CV
• Паспорттун көчүрмөсү
• Мотивациялык кат
• Транскрипт
• Сунуш кат (Recommendation Letter)
• Англис тили боюнча сертификат (кеминде B2 деңгээл)
• Изилдөө планы (PhD студенттери үчүн)

 Талаптар:
• Тиешелүү багыт боюнча магистратура же докторантурада окуп жаткан болушу керек
• Орточо баа (GPA) кеминде 2.5 болушу керек
• Англис тили деңгээли кеминде B2 болушу зарыл

 Арыз берүү жери:
Документтер Эл аралык байланыштар бөлүмүнө жеке тапшырылышы керек.

 Арыз берүү мөөнөтү:
01.04.2026 – 15.04.2026

    Социалдык медиада бөлүшүү