Түрк дүйнөсүнүн байыркы спорту көк бөрү илимий маалыматтардын негизинде кайрадан изилденүүдө
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илимий изилдөө долбоорлору бөлүмү тарабынан колдоого алынган изилдөө Көк бөрүдө жеңиш менен жеңилүүнүн ат менен чабандестин ортосундагы физиологиялык байланышка кандай таасир этерин аныктады. “Veterinary Medicine and Science” журналында жарыяланган изилдөөдө түрк дүйнөсүнүн салттуу ат спорту болгон көк бөрү заманбап ветеринария, спорт илими жана эндокринология ыкмалары аркылуу изилденип, ат менен чабандестин ортосундагы «көзгө көрүнбөгөн өнөктөштүк» биологиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланды.
Көк бөрү талаасында көрүүчү көргөн нерсе — ылдамдык, күч, тең салмактуулук жана күрөш. Бирок мелдештин көзгө көрүнбөгөн дагы бир жагы бар: ат менен чабандестин организмдери жогорку атаандаштык шартында бири-бирине кандайча жооп кайтарат?
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги астында ар түрдүү багыттагы изилдөөчүлөр ушул суроого жооп издешип, Көк бөрү мелдештеринин алдында жана андан кийин аттардын да, чабандестердин да канындагы стресс гормондорун, метаболизмдик көрсөткүчтөрдү жана кан клеткаларына байланыштуу параметрлерди салыштырышкан. Изилдөө, айрыкча команда менен ойнолуучу салттуу ат спортторунда ат менен чабандестин физиологиялык байланышы боюнча илимий адабияттар өтө чектелүү болгон тармакка жаңы маалыматтарды кошту.
Бир эле мелдеш, эки организм
Изилдөөгө көк бөрү Супер лигасында ойногон төрт команданын 3–4 жаштагы 40 кыргыз тукумундагы айгыры жана 20–25 жаштагы, салмагы 70–80 килограмм болгон 40 эркек чабандес катышкан. Бардык аттардын багуу, тамактандыруу жана машыгуу шарттарынын бирдей болушу изилдөөчүлөргө көзөмөлдөнгөн изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Кан үлгүлөрү беттешке болжол менен жарым саат калганда жана мелдеш аяктагандан кийинки алгачкы 30 мүнөттүн ичинде алынган. Изилдөөчүлөр атаандаштыктын алдындагы физиологиялык абал менен интенсивдүү физикалык жана психологиялык күч-аракеттен кийинки абалды салыштырышкан.
Стресстин биологиялык изи изилденди
Изилдөөдө аттардын жана чабандестердин кадимки кан көрсөткүчтөрү менен катар стресс жана спорттук көрсөткүчтөргө байланыштуу бир катар гормондор да бир убакта изилденген.
Кортизол, ACTH, бета-эндорфин, адреналин, норадреналин, T3 жана T4 деңгээлдери түргө ылайыкташтырылган ELISA тесттери аркылуу өлчөнгөн. Мындан тышкары, эритроциттер, лейкоциттер, гемоглобин, гематокрит жана тромбоциттерге байланыштуу гематологиялык көрсөткүчтөр, ошондой эле натрий, калий, креатинин, жалпы белок, магний жана булчуңдардын метаболизмине байланыштуу ар кандай биохимиялык параметрлер талданган.
Мындай комплекстүү ыкма аркылуу изилдөөчүлөр стресстин деңгээлин гана эмес, ат менен чабандестин физиологиялык реакциялары бири-бири менен кандай байланышта экенин да аныктоого аракет кылышкан.
Жеңилген командаларда стресс көбүрөөк байкалган
Изилдөөнүн эң көңүл бурарлык жыйынтыктарынын бири — жеңишке жеткен жана жеңилген командаларда ат менен чабандестин стресске болгон гормоналдык реакцияларынын айырмаланганы болду.
Жеңишке жеткен командаларда мелдешке чейин ат менен чабандестин стресс менен байланышкан гормондорунун ортосунда чектелүү байланыш байкалган, ал эми беттештен кийин олуттуу гормоналдык байланыш аныкталган эмес. Ал эми жеңилген командаларда абал башкача болгон. Мелдешке чейин стресс менен байланышкан көптөгөн гормондордун бири-бири менен кыйла күчтүү байланышта болгону аныкталган.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул жыйынтыктар жеңилген командалардагы аттар менен чабандестер мелдештин алдында кыйла күчтүү стресс реакциясын баштан өткөргөн болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Жеңиш же жеңилүү кан көрсөткүчтөрүн толугу менен өзгөртпөйт
Изилдөөнүн дагы бир маанилүү жыйынтыгы — жеңиш же жеңилүү ат менен чабандестин гематологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы байланыштарга күтүлгөндөй олуттуу айырмачылык жараткан эмес.
Изилдөөчүлөр жеңишке жеткен командалардын аттары менен чабандестеринин мелдешке чейинки жана андан кийинки мезгилдеринде ар кандай оң жана терс гематологиялык жана биохимиялык байланыштарды аныкташкан. Бирок жалпы баалоодо жеңиш же жеңилүү бул параметрлердин ат менен чабандестин ортосундагы корреляцияларын олуттуу деңгээлде өзгөртпөгөнү белгиленген.
Бул жыйынтык көк бөрү сыяктуу жогорку күч-аракетти талап кылган спортто организмдин реакциясын бир гана эсептеги жыйынтык менен түшүндүрүүгө болбой турганын көрсөтөт. Физикалык даярдык, машыгуу деңгээли, жеке стресс реакциясы жана ат менен чабандестин өз ара мамилеси сыяктуу көптөгөн факторлор комплекстүү түрдө каралышы керек.
Көк бөрүдө физиологиялык шайкештик да маанилүү
Ат спортторунда ийгиликтин негизинде ат менен чабандестин ортосунда түзүлгөн натыйжалуу өнөктөштүк турат. Буга чейинки изилдөөлөр чабандестин эмоционалдык абалы аттын физиологиялык реакцияларына таасир этиши мүмкүн экенин жана адамдын жүрүм-туруму аттардын дүүлүгүү деңгээлин өзгөртө аларын көрсөткөн.
Жаңы изилдөө бул талкууну командалык түрдө ойнолуучу, физикалык контакт жана жогорку атаандаштык менен мүнөздөлгөн көк бөрү сыяктуу салттуу спортко алып келди.
Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, алынган жыйынтыктар аттар да, чабандестер да жогорку физикалык күч-аракет учурунда иммундук, метаболизмдик жана гормоналдык системаларында бир убакта өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн экенин көрсөтөт. Айрыкча жеңишке жеткен командаларда мелдештен кийинки айрым биохимиялык байланыштар жогорку интенсивдүү аракеттен кийинки булчуң жана метаболизм адаптациялары менен байланыштуу болушу мүмкүн деген белгилерди көрсөткөн.
Салттуу спорт заманбап лабораторияда
Көк бөрү Кыргызстандын, Казакстандын жана Борбордук Азиянын башка аймактарынын маданиятында терең тарыхый жана маданий мааниге ээ спорт. Ошого карабастан, илимий адабияттарда Көк бөрү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн басымдуу бөлүгү тарых, маданият жана социология багыттарына топтолгон. Ат менен чабандестин физиологиялык көрсөткүчтөрүн изилдеген эмгектер болсо өтө чектелүү.
Ошондуктан бул изилдөө салттуу спортту заманбап илимий ыкмалар менен изилдөөнүн маанилүү мисалы болуп саналат.
Изилдөө көк бөрүнү жөн гана маданий мурас катары карабастан, аны спорт физиологиясы, ветеринария, эндокринология жана жаныбарлардын бакубаттыгы кесилишкен илимий изилдөө багытына алып чыгууда.
Изилдөөнүн маалыматтары жаныбарлардын бакубаттыгына да салым кошо алат
Изилдөөнүн жыйынтыктары спорттук көрсөткүчтөрдөн тышкары дагы бир маанилүү багытка — жылкылардын бакубаттыгына байланыштуу маселелерге жол ачат. Жогорку атаандаштык учурунда аттардын стресс реакцияларын жакшыраак түшүнүү келечекте машыгуунун интенсивдүүлүгүн туура пландаштырууга, ашыкча күч келтирүүнүн алдын алууга жана мелдеш шарттарын жаныбарлардын ден соолугу жагынан кайра кароого өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, ат менен чабандестин физиологиялык байланышын тереңирээк түшүнүү салттуу спортторду туруктуу түрдө сактап калууга жана адамдар менен жаныбарлардын спорттук ишмердүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.
"МАНАСтын" жетекчилигиндеги эл аралык изилдөө тобу
«The Effect of Victory and Defeat on the Correlations of Stress Parameters Between the Horse and Rider in Kök-Börü Equestrian Teams» аттуу изилдөөнү Али Ришванлы, Исмаил Шен, Канат Канузаков, Аскарбек Тулобаев, Абузер Таш, Руслан Салыков, Незахат Жейлан, Үнал Түркчапар, Уланбек Алимов, Арина Казакбаева, Айдай Жунушова, Нур Абдимнап уулу, Бурак Фатих Юксел, Мерт Туранли, Мухаммед Уз, Метин Байрактар жана Нуриддин Рузикулов жүргүзүшкөн.
Изилдөөгө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин, Спорт илимдери факультетинин, Адабият факультетинин жана Туризм факультетинин изилдөөчүлөрү менен катар Фырат университети, Ван ЙүЗүНЧү Жыл университети, Ататүрк университети, Кахраманмараш Сүтчү Имам университети жана Самарканд мамлекеттик ветеринария, мал чарбачылыгы жана биотехнология университетинин окумуштуулары катышкан.
Эсепке сыйбаган күрөш
Көк бөрүдө жеңүүчүнү эсеп тактасы аныктайт. Бирок илимий маалыматтар мелдеш ат менен чабандестин организминде кыйла татаал окуяларды жаратарын көрсөтүүдө.
Гормондор, иммундук система, булчуңдардын метаболизми жана кан көрсөткүчтөрү жогорку атаандаштык учурунда, айрым байланыштар жеңишке жана жеңилүүгө жараша өзгөрөт. Изилдөөнүн эң маанилүү салымы — бул көрүнүштү көк бөрүнүн контекстинде системалуу түрдө биринчи жолу айкын көрсөтөт.
Ушул жагынан алганда, бул изилдөө түрк дүйнөсүнүн байыркы спортторунун бирин лабораториялык маалыматтар аркылуу жаңы илимий суроого жол ачууда:
Ат менен чабандес бирге кыймылдоону гана үйрөнүшөбү, же убакыттын өтүшү менен стресске жана атаандаштыкка да биргелешип жооп берген физиологиялык өнөктөштүктү калыптандырышабы? Бул суроого так жооп берүү үчүн дагы көп изилдөө талап кылынат. Бирок «МАНАС» университетинин изилдөөчүлөрүнүн эмгеги бул жаңы илимий багыттын маанилүү баштапкы кадамдарынын бири болуп саналат.