КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ
(МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУН АЛКАГЫНДА
ОРТОК ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ (ОЖКБП)
ШАРТТАР ЖАНА ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) жана Медицина илимдери университети (МИУ) тарабынан биргелешип жүзөгө ашырыла турган эл аралык орток жогорку кесиптик билим берүү программасы (ОЖКБП) окуу мөөнөтү – 6 жыл (бир жылдык түрк тилин үйрөтүү боюнча милдеттүү даярдоо курсун кошпогондо), медицина факультетинин (түркчө-кыргызча) эл аралык орток жогорку кесиптик билим берүү программасы (ОЖКБП) боюнча окууга тапшырган студенттер биринчи, экинчи, үчүнчү курсту, анын ичинде даярдоо курсун Кыргызстандын борбор шаары – Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде; ал эми төртүнчү, бешинчи жана алтынчы курсту Түркиянын Стамбул шаарындагы Медицина илимдери университетинин тиешелүү түзүмдөрүндө окушат.
Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттер орток программаны аяктагандыгын тастыктаган эки университеттин дипломуна ээ болушат. ОЖКБП алкагында түрк тилин үйрөтүү боюнча милдеттүү даярдоо курсунда окуу мөөнөтү – бир жыл. Даярдоо курсу аталган программанын 6 жылдык окуу мөөнөтүнө кирбейт.
КВОТАНЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультетинин эл аралык орток жогорку кесиптик билим берүү программасы (ОЖКБП) алкагында 2025-2026-окуу жылы үчүн 60 (алтымыш) квота бөлүнгөн. Ал квота төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - 30
- Түркия Республикасынын жарандары үчүн - 25
- Чет өлкөлүк жарандар үчүн – 5
ОКУУГА ТАПШЫРУУ ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ
а) Кыргыз Республикасынын жараны болгон абитуриенттер:
Кыргыз Республикасынын жараны болгон абитуриенттер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- ЖРТдан кеминде 110 балл алышы керек;
- Химия жана биология боюнча кошумча ЖРТ тесттеринин ар биринен кеминде 60 баллга ээ болушу шарт;
- “Манас” университетине кирүү сынагы боюнча (эгерде башкасы көрсөтүлбөсө) кеминде 150 балл алган абитуриенттер медицина факультетин тандай алышат. Абитуриенттерди кабыл алуу алардын алган баллына жараша тизмедеги катар боюнча жүргүзүлөт.
б) Түркия Республикасынын жараны болгон абитуриенттер:
Түркия Республикасынын жараны болгон абитуриенттер ЖОЖдорго кирүү сынагынын (YKS) жыйынтыгы боюнча Түркиядагы медицина факультеттери үчүн каралган талаптарга жооп бериши керек. Кабыл алуу ЖОЖдорго кирүү сынагынын жыйынтыгы боюнча Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору (ÖSYM) тарабынан жүргүзүлөт.
в) Түркиядан жана Кыргызстандан башка өлкөлөрдөн кабыл алына турган чет өлкөлүк абитуриенттер: Чет өлкөлүк студенттер үчүн бөлүнгөн квота боюнча окууга тапшыра турган абитуриенттердин документ тапшыруусу жана кабыл алуу КТМУнун “Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасында”, “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу жөнүндө жобосунда” жана медицина илимдери университетинин “Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары үчүн чет өлкөлүк студенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобосунда” аныкталган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
ОКУТУУ ТИЛИ
Программада окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргызстан жарандары үчүн бөлүнгөн квота боюнча кабыл алына турган студенттер бир жыл даярдоо курсунда милдеттүү түрдө түрк тилин үйрөнүшөт.
Программага Кыргызстандан жана Түркиядан башка өлкөлөрдөн кабыл алына турган чет өлкөлүк студенттер бир жыл даярдоо курсунда милдеттүү түрдө кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүшөт.
Даярдоо курсунда максималдуу окуу мөөнөтү - эки жыл.
2025-2026-окуу жылы үчүн программага катталган бардык студенттер даярдоо курсунда окушат.
ОКУУ АКЫСЫ
- Программага катталган студенттерден окуу акысы алынат.
- 2025-2026-окуу жылында программа боюнча окуй баштаган студенттер ар бир окуу жылы үчүн 4000 (төрт миң) АКШ долларын төлөшөт.
- Даярдоо курсу үчүн эч кандай акы алынбайт.
- Даярдоо курсунан тышкары ар бир окуу жылы үчүн акы төлөнүшү керек.