Түрк дүйнөсү КТМУда өткөн V Эл аралык Түрк цивилизациясы конгрессинде жолугушту


  • 2025-04-19

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурасын жана цивилизациясын таанытуу, изилдөө жана бөлүшүү максатында уюштурулган V Эл аралык түрк цивилизациясы конгресси 2025-жылдын 17–18-апрель күндөрү Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.

Конгресстин ачылыш аземи Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Өкем, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов, Венгриянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Мариш Жолт, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Нежметтин Эрбакан университетинин ректору, профессор Жем Зорлу, КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Хожа Ахмет Ясави университетинин биринчи проректору, профессор Нажи Генч, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын төрагасы, профессор Иса Хабиббейли, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, ошондой эле көп сандаган окутуучулар, студенттер жана коноктордун катышуусунда өттү.

Илимий иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия, Россия, Түндүк Македония, Венгрия, Италия жана Босния-Герцеговина сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдөн окутуучулар жана изилдөөчүлөр катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан конгресстин ачылыш сөзүндө бул иш-чара илимий ишмердүүлүк катары чектелбестен түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий мурасын сактап калуу эркин чагылдыруучу экенин баса белгиледи. Ректор, профессор Жейлан “Түрк цивилизациясынын жалпы баалуулуктары” аттуу теманын алкагында болуп өткөн бул академиялык жолугушуу тарых, маданият, тил, адабият, искусство жана философия сыяктуу көптөгөн тармактарда орток пикирлерди илимий көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтып, миңдеген жылдардан бери тарыхыбызда калыптанган маданий, адеп-ахлактык жана коомдук баалуулуктарды эске салуу, кагазга түшүрүү, ошондой эле келечек муундарга жеткирүү боюнча бул конгресстин чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Профессор Жейлан университеттин 1995-жылы Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекет башчыларынын орток концепциясынын негизинде түптөлгөнүн эске салуу менен КТМУнун максаты - сапаттуу билим берүү эле эмес, түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасын сактоо жана аны келечекке жеткирүү экенин белгиледи.

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын “Түрк дүйнөсү — өтмүштүн мурасчысы гана эмес, ошол эле учурда күчтүү келечектин да куруучусу”  Жана “Билим берүү менен маданият — биримдиктин эң бекем пайдубалы”, —  деген сөздөрүнө да токтолуп, бул билдирүүлөр аталган тармактагы чечкиндүүлүктү айкалыштырганын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Түрк элдери орток тарыхка жана биргелешкен тагдырга ээ. Бүгүн бул биримдикти билим, маданият жана илим аркылуу мындан ары өнүктүрүшүбүз керек”, — деген сөздөрүн эске салган ректор, профессор Жейлан мындай пикирлер түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегинин жол картасын аныктай турганына көңүл бурду.

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев конгрессте сүйлөгөн сөзүндө иш-чаранын темасынын актуалдуулугунуна токтолду. Ибраев: “Биз тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында батыштын илимпоздору белгилегендей, дүйнөдөгү тартип кайрадан өзгөрүүдө жана жаңыдан калыптанууда. Бул процессте биздин түрк цивилизациябыз жана элдерибиз орчундуу жана чечкиндүү ролду ойнойт,” — деп билдирди. Сөзүнүн соңунда катышуучуларга ийгилик каалаган саясий и.к., доцент Ибраев бул иш-чара түрк дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп өттү.

Ал эми конгресстин төрагасы, профессор Мехмет Ариф Өзербаш быйыл “Түрк цивилизациясынын жалпы баалуулуктары” аттуу темада өткөн конгресс Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун түзүлүү миссиясынын реалдуу чагылышы экенин билдирди. “Жалпы баалуулуктар” деген тема жөн жайдан эле тандалбаганын белгилеген профессор Өзербаш коммуникация жана технология тармактарындагы өнүгүүлөрдүн натыйжасында түрк дүйнөсүндө маданий жакындашуу тездик менен өнүгүп жатканын, элдердин орток тарых, ишеним, тил жана жашоо образдарына болгон аң-сезиминин барган сайын жогорулап жатканын белгиледи.

Андан соң ачылыш отуруму “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигинде өтүп, катышуучулар чоң кызыгуу менен угуп отурушту.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Гази университети, Хожа Ахмет Ясави университети жана Нежметтин Эрбакан университетинин кызматташтыгынын негизинде уюштурулган конгресс эки күн бою офлайн жана онлайн форматта жалпы 46 отурумда 282 илимий баяндама жасалды.

Андан соң конгресстин жыйынтыктоочу отуруму өткөрүлдү. КТМУнун проректору, профессор Режаи Догандын жетекчилигиндеги баалоо отурумунда конгресстин жүрүшүндө жасалган баяндамалар, айтылган пикирлер жана илимий салымдар кеңири талкууланды. Отурумга баяндамачы катары катышкан профессор Бурул Сагынбаева, профессор Иса Хабиббейли, доцент Абдумурад Тилавов, доцент Алия Куралбаева жана доцент Үмит Сормаз илимий жолугушуудагы негизги темаларды талдап чыгышты. Катышуучулар түрк цивилизациясынын орток баалуулуктарына байланыштуу тармактар аралык көз караштын күчөшү жана түрк дүйнөсүндөгү академиялык кызматташуунун мындан ары да бекемделе бериши керектигин белгилешти.

Конгресстин жыйынтыктоочу отуруму ыраазычылык баракчаларды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады. Илимий натыйжалары аркылуу келечектеги изилдөөлөргө багыт берери күтүлгөн конгресс түрк дүйнөсүнүн академиялык биримдигине маанилүү салым кошуп, ийгиликтүү аяктады.

 

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/Ph7TUWmSMq0?si=20P8WYmXXBYx55Th

    Социалдык медиада бөлүшүү