Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү илим жана маданият борбору болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин курулуш жана техникалык иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп жаңы дайындалган Фарук Санжактар Кыргызстанга Улупамирден келген.
2011-жылы Түркияда курулуш инженерлиги боюнча билим алып, 2023-жылы “Манас” университетине ишке орношкон инженер ата-бабалардын мекенине кайтып, кызмат кылып жатканына сыймыктанат.
Ван облусунун Эржиш районундагы Улупамирде туулуп-өскөн Санжактар эки маданият менен азыктанганын айтып, буларга токтолду: “Эртең менен мектепте түркчө үйрөнүп, кечинде үйдө апамдан кыргыз эл жомокторун угуп чоңойдум. Көк бөрү ойноп жатканда Манас атаны да, Коркут атаны да эстечүбүз. Себеби биз бир тамырдан тараган түрдүү бутактардан чыккан балдар элек.”
Түркияда жашап жатканда Кыргызстанга болгон сагынычы күндөн күнгө күчөгөнүн, ансайын ага болгон кызыгуусу артканын белгилеп, “Кыргызстанга келгенимде өзүмдү бөтөн сезбей, өз үйүмө келгендей сезимде болдум. Кудум миңдеген жолу келгендей”, –деген Санжактар себебинин Улупамирде бала кезинде улуу кишилерден дайыма Кыргызстан жөнүндө окуяларды укканын айтты.
Курулуш жана техникалык иштер башкармалыгынын жетекчиси Фарук Санжактар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун окуу жай тууралуу “Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Кыргызстан жана Түркия үчүн гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү үчүн илим жана маданият борбору болуп саналат,” – дегени окуу жайга келгенинде бул сөздүн канчалык туура экенине ынанганын билдирди. “Бул университетте иштөө мен үчүн сыймык, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Аталган башкармалыктын милдеттерин берилгендик менен аткарып, болгон күч-аракетимди жумшайм,” – деген инженер бул милдет ага жөн гана кызмат орду эмес, ошондой эле эки мамлекеттин бир туугандык мамилесин бекемдеген маанилүү жоопкерчилик экенин баса белгиледи.
Санжактар Бишкекте эртең менен окуу жайды көздөй бара жатканда ичинде үнсүз кубанычка бөлөнөрүн айтып, мындай деди: “Себеби билем, мен жөн гана иштегени келген жокмун, мекениме кайтып келдим жана келечекке карай эки мамлекеттин ортосунда көпүрө болом.”
Санжактар сөзүн боордош эки өлкөнүн бир туугандык тарыхында кичинекей бир сапта орун алуу үчүн бул кызматка ылайык көрсөткөн ректор, профессор Алпаслан Жейланга, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраевге, проректорлор профессор Режаи Доганга жана профессор Камалбек Карымшаковго, ошондой эле башкы катчы, профессор Исмет Алтынташка ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыктады.