Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетине караштуу Журналистика бөлүмүнүн студенттерине кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн практикалык түрдө өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген «Газета Манас» ательеси – теориялык билимди практикалык ишмердик менен айкалыштырган маанилүү платформа болуп саналат. Студенттер маалымат булактарынан баштап басмага даярдоо процессине чейин болгон бардык баскычтарга түздөн-түз катышып, бул колдонмо басылма келечектеги журналисттерге чыныгы маалымат чөйрөсүндө иш тажрыйбасын алууга шарт түзөт.
Устаканада студенттердин пайдалануусуна берилген 7 компьютер, жазуу тактасы жана 8 орундуу жыйын столу аркылуу жаңылык жазуу, редакциялоо, бет түзүү сыяктуу ар түрдүү практикалык иштер жүргүзүлүп, 20 адамга ылайыкталган сыйымдуулугу менен натыйжалуу иштөө чөйрөсү камсыздалган. Бул устакана студенттерге жекече жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга, кесиптик жоопкерчилик жана этикалык баалуулуктар негизинде чыгармачылык менен иш алып барууга шарт түзөт.
Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнө караштуу фотостудия Коммуникация факультетинин имаратында C-101 кабинетте жайгашкан. Журналистика бөлүмүнүн студенттери да сабактардын алкагында бул студиядан пайдалана алышат. Фотостудия 2005 жылы түптөлгөн жана жалпы 15 000 долларлык техникалык керектүү жабдык менен жабдылган. Фотостудия билим берүүчү максаттарда колдонулат жана студенттер курстук иштери, сабактары, дипломдук долбоорлору алкагында аткарган практикалык иштеринде пайдалана алышат. Мындант тышкары бул жайда фотография боюнча сабактар өтүлөт. Студияга 20 адам батат.