2025-12-10


Бөлүмдө Pirge компаниясынан кесиптик семинар өттү: 2/12/2025


2025-ж 2 декабрь күнү онлайн форматта Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине Түркиянын алдыңкы профессионалдык бычак бренддеринин бири болгон Pirge компаниясынын комплекстүү семинары өттү. Иш-чаранын алкагында студенттер бычактын түрлөрүн көрүштү, бычакты туура кармоо, негизги жана жогорку деңгээлдеги кесүү ыкмалары, бычакты курчутуу жана кароо ыкмалары, ошондой эле ашканада бычак коопсуздугунун маанилүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат алышты. Окутуу теориялык презентациялар менен бирге студенттер түздөн-түз практикалык иштерге катышкан интерактивдүү форматта өттү. Ошентип, келечектеги ашпозчулукка талапкерлер профессионалдык ашканаларда колдонулган бычактарды кантип туура жана коопсуз колдонууну жөнүндө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Модератор, проф.,PhD Үмит Сормаз иш-чаранын ачылыш сөзүндө гастрономиялык билим берүүдө жабдууларды өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: “Гастрономиялык билим берүү бир гана тамак жасоо ыкмаларын үйрөнүүдөн турбайт. Студенттерибиздин ашкана жабдууларын чебердик менен колдонушу, кесиптик турмушта кезиге турган кыйынчылыктарга даяр болуу чоң мааниге ээ. Pirge сыяктуу тармактын алдыңкы компаниялары менен жүргүзүлгөн мындай кызматташтыктар студенттерибиздин кесиптик даярдыгын чыңдайт.”

Pirge компаниясы 100 жылдан ашуун тажрыйбасынын негизинде өнүккөн өндүрүш жана сапат стандарттары жөнүндө маалымат берип, бычакты туура колдонуу ашкананын өндүрүмдүүлүгүнө, гигиенасына жана коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин айтышты. Студенттер окутуу учурунда профессионалдык бычактардын негизги сырларын үйрөнүп, бренд тарабынан берилген материалдар менен практика жүргүзүп, өз жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.