2026-01-29

«Майып сахабалар»


Факультетибиздин 2026-жылга карата социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 22-январында айымдарга арналган «Майып сахабалар» темасында семинар өткөрүлдү. Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттер тарабынан уюштурулду.

Семинарда Бактыгүл Мамадаминова «Майып сахабалар» темасында баяндама жасап, көрүүсү, сүйлөөсү жана угуусу бузулган, ортопедиялык жана акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелген сахабалардан мисалдар келтирди. Алардын майыптыгына карабастан дин жолундагы кызматтары тууралуу кеңири маалымат берилип, бүгүнкү күндөн да айрым мисалдар сунушталды. Ошондой эле айтылган маалыматтардан сабак алуу жана ибрат кылуу боюнча сунуштар айтылды.

Семинардын соңунда катышуучуларга сый тамак уюштурулду. Иш-чарага болжол менен 100 айым катышып, семинар чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Жооптуу кызматкерлер бул программанын ар аптанын бейшемби күнү ошол эле убакта улантыларын билдиришти.