Факультетибиздин 2026-жылга карата социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 22-январында айымдарга арналган «Маарек Үч Айдын пазилеттери» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттер тарабынан уюштурулду. Иш-чарада илимий кызматкер Курманбекова Алтынай «Маарек Үч Айдын пазилеттери» темасында баяндама жасады.
Семинарда ислам дининде мубарек айлар деп саналган Ражаб, Шаабан жана Рамазан айларынын пазилеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул алкакта Ражаб айынын руханий ойгонуу жана тообо кылуудагы орду, Шаабан айынын Рамазан айына даярдык баскычы катары мааниси, ошондой эле Рамазан айынын орозо ибадаты жана руханий тазалануу жагынан өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.
Семинардын соңунда мубарек айларга байланыштуу берилген суроолорго жооптор айтылды.
Иш-чаранын аягында катышуучуларга сый тамак уюштурулду. Семинарга болжол менен 80 айым катышып, иш-чара зор кызыгуу менен кабыл алынды. Жооптуу кызматкерлер бул программанын ар аптанын бейшемби күнү ошол эле убакта улантыларын билдиришти.


