2025-жылдын 23-сентябры шейшемби күнү КТМУнун Теология факультетинин Калем студенттик клубу тарабынан “Тил билсең – Дил билесиң” аттуу семинар болуп өттү. Программа студенттер, окутуучулар жана коноктор тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Баяндамачы катары КТМУнун Чет тилдер факультетинин окутуучусу, доктор Таштемирова Райхан Исмаиловна болду.
ДокторТаштемирова өз сөзүндө кыргыз тилинин мамлекеттик расмий тил статусуна токтолуп, ал тил катнаш каражаты гана эмес, улуттун маданий өзгөчөлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн негизги элементи экендигин баса белгиледи. Ал кыргыз тилинин азыркы абалына да маанилүү баа берди. Ал Орхон жазма эстеликтерине токтолуп, кыргыз тилинин тарыхый тамырын ачып, түрк дүйнөсүндөгү баалуулугун ачып берди.
Кыргыз тилин «кооз поэзиядай эркин тил» деп сыпаттаган доктор Таштемирова жаштардын эне тилин кабыл алуусу чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. Ал тилди сактоо жана өнүктүрүү келечек муунга калтыра турган эң баалуу мурас экенин баса белгиледи.
Программанын аягында окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында кыргыз тили боюнча викторина өткөрүлдү. Жогорку балл алган окуучулар ар кандай сыйлыктар менен сыйланышты.
Катышуучулар семинар академиялык жактан да, маданий жактан да терең мааниге ээ болгонуна ишеним артып, мындай иш-чаралар мындан ары да улана берерине тилектеш экендигин билдиришти.