2025-07-10

КТМУнун теология факультети Рамазан айына карата социалдык жоопкерчилик боюнча 29 бөлүктөн турган программаны баштады.


Кыркызстан-Түркия Манас Университетинин Теология факультети 2025-жылкы Рамазан айынын жүрүшүндө коомчулукту маалымдоону жана аң-сезимин жогорулатууну максат кылган “Рамазан берекети” аттуу 29 берүүдөн турган социалдык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Бул берүүлөр 2025-жылдын 1–19-март күндөрү “Манас Радиосунда” ар күнү ифтар алдында көрсөтүлүп, ар бири болжол менен 40 мүнөттөн уланды.

Программанын координатору Илахият факультетинин окутуучусу проф. д-р Кемал Полат болду. Берүүлөрдө факультеттин ар кыл окутуучулары Рамазан айы жана орозо ибадаты боюнча ар кандай темаларга токтолушту.

Программаларда орозонун адептик жактары, Ислам дүйнөсүндөгү Аллах түшүнүктөрү, Азирети Хадича энебиздин өрнөктүү өмүрү жана Рамазандагы салттардын жаштардын диний сезимдерине тийгизген таасири талкууланды. Ошондой эле намаз, ажылык жана ибадаттардын моралдык жактары кеңири баяндалды. Бул берүүлөр аркылуу Рамазан айынын руханий тереңдигин коомго туура жана илимий негизде жеткирүү, чыдамкайлыкты, бир туугандыкты жана коомдук ынтымакты бекемдөө көздөлдү.

Программанын негизги максаты — Рамазан айы жана орозо ибадаты жөнүндө элди илимий, туура жана ар тараптуу маалымдоо менен коомдогу тынчтыкты, биримдикти жана бир туугандык сезимдерди чыңдоо болду. Орозо ибадаты диний гана милдет эмес, ошондой эле социалдык, психологиялык жана руханий мааниге ээ экендиги белгиленди.

Ар бир берүүдө Рамазан айынын рухуна ылайык аң-сезимдүү ибадат түшүнүгү жайылтылып, элдин бул руханий мезгилди жүрөк тынчтыгы менен өткөрүүсүнө салым кошулду.