Кыркызстан-Түркия Манас Университетинин Теолгия факультети 2025-жылдын жазгы семестринде коомчулуктун диний маселелер боюнча туура жана илимий маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу максатында “Манас Радиосунда” 2025-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин күн сайын саат 21:05те “Ишеним дүйнөсү” аттуу 22 берүүдөн турган социалдык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.
Программанын координаторлугун проф. д-р Кемал Полат, алып баруучулукту болсо Уланбек Калмурза уулу аткарды. Ар бир берүүдө ар башка академиктер Ислам дининин негизги ишенимдери жана адеп-ахлактык баалуулуктары жөнүндө баяндашты.
Берүүлөрдө Ислам дининин негизги ишенимдери менен адептик баалуулуктары, мазхабдар тарыхы, коомдук түзүлүштөр менен байланышкан диний тажрыйбалар жана кыргыз эл маданияты талкууланды. Ошондой эле, программаны негизги максаттарынын бири – Ислам ой жүгүртүүсүнүн улуу алымы Имам Азам Абу Ханифа менен Имам Матуридини кеңири элге таанытуу болду. Бул алкакта Ханафий фикхинин негиздөөчүсү Абу Ханифанын ой жүгүртүүсү түшүндүрүлүп, Имам Матуридинин акылга негизделген пикирлери жана ишеним маселелерине болгон методологиялык мамилеси кеңири баяндалды. Катышкан академиктер темаларды илимий тилде жеткирүүнүн жанында, эл түшүнө ала турган жөнөкөй жана так тилди колдонушту.
Сериянын максаты – коомдо туура жана туруктуу дин түшүнүгүн калыптандыруу аркылуу тынчтыкты, бир туугандыкты жана коомдук ынтымакты бекемдөө болду. Мындан тышкары, берүүлөрдө Исламдын негизги принциптери, жеке жана коомдук жашоо менен болгон байланышы, адеп-ахлактык баалуулуктар жана учурдагы диний маселелер илимий көз караш менен талкууланды.
Бул берүү сериясы эл арасында чыдамкайлыкты жана көп түрдүүлүктө бирге жашоо маданиятын өркүндөтүүгө салым кошту. Диний маселелер боюнча маалыматтык башаламандыкты алдын алуу менен талаш-тартыштардын ордуна аң-сезимдүү жана конструктивдүү мамиле жайылтылды.