2025-04-07

"Жаназаны жууп кепиндөө” темасында семинар


Бейшемби күнү, 2025-жылдын 3-апрелинде саат 16:00дө Сатук Бугра Хан мечитинде КТМУнун Теология факультетинин окутуучусу Миргүл Бекмурзаева диний жана маданий баалуулуктарды коомдо сактап калууга салым кошуу максатында аялдарга “Жаназаны жууп кепиндөө” темасында семинар өткөрдү. Семинарга ар кандай курактагы көптөгөн аялдар катышты. Семинарда жаназаны жууп, кепин жабууну диний жол-жоболор менен кантип жүргүзүү керектиги кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучуларга эки теориялык маалымат жеткирилип, практикалык мисалдар менен теманын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Семинарда өзгөчө аялдардын бул темада жетиштүү билимге ээ болушу керектиги айтылып, коомго керектүү руханий кызматтарды аң-сезимдүү инсандардын аткаруусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Иш-чаранын соңунда суроолорго жооптор берилди. Катышуучулар семинардын тарбиялык да, түшүндүрүү да мааниси бар экенин айтып, канааттангандыктарын билдиришти.