Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Саламаттык сактоо борбору тарабынан Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген 2026–2030-жылдарга карата Өнөкөт бөйрөк ооруларынын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо системасын өнүктүрүү программасынын алкагында «Өнөкөт бөйрөк оорусу: Организмдин негизги чыпкасы болгон бөйрөктү кантип сактай алабыз?» аттуу семинар уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө өнөкөт бөйрөк ооруларынын алдын алуу, эрте аныктоо, дарылоо ыкмалары жана бөйрөктүн саламаттыгын сактоо боюнча маанилүү маалыматтар берилди.
Өнөкөт бөйрөк ооруларынын таралышы жана мааниси
Семинарда баяндамачы катары катышкан онколог, уролог Нурлан Жумабаев өнөкөт бөйрөк ооруларынын Кыргызстанда таралышына жана илдетти эрте аныктоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Жумабаев мурдагы маалыматтарга ылайык чоң кишилердин болжол менен 11 пайызы өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркай турганын, ал эми оорунун катталуу жыштыгы жыл сайын 10–15 пайызга өсүп жатканын белгиледи. 2025-жылдын маалыматтары боюнча өлкөдө 4 миңден ашуун адам гемодиализ дарылоосун алып жатканын билдирди.
Бөйрөктөрдүн организмдеги өтө маанилүү кызматтарына токтолгон адис бөйрөктөр күнүнө болжол менен 180 литр канды чыпкалап, организмден токсиндердин чыгарылышын камсыздай турганын, кан басымын жана суу-туз балансын жөнгө саларын айтып өттү. Бөйрөк оорулары көп учурда ачык белгилери жок эле өөрчүп кетиши мүмкүн экенин баса белгилеген Жумабаев бөйрөктүн иштешинин олуттуу бөлүгү жоголгонго чейин адам оорусу тууралуу билбей жүрө бериши ыктымал экенин айтты.
Өнөкөт бөйрөк оорусунун тобокелдик факторлору
Семинарда өнөкөт бөйрөк оорусунун пайда болушуна жана күчөшүнө алып келүүчү факторлор да талкууланды. Адис көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон тобокелдик факторлорунун катарына жогорку кан басымын, кант диабетине байланыштуу кандагы канттын жогору болушун, семирүүнү, тамеки тартууну, тузду ашыкча колдонууну, өнөкөт сезгенүү ооруларын, заара чыгаруу жолдорунун инфекцияларын кошту. Ал эми жаш курак, үй-бүлөдө бөйрөк ооруларынын болушу, тубаса нефрондордун санынын аздыгы жана мурда баштан өткөргөн курч бөйрөк оорусу өзгөртүүгө мүмкүн болбогон тобокелдик факторлоруна кирерин билдирди.
Бөйрөк ооруларынын беш маанилүү белгиси
Бөйрөк ооруларынын алгачкы белгилерине көңүл бурган Жумабаев төмөнкү белгилерди өзгөчө көз жаздымда калтырбоо керектигин баса белгиледи: эртең менен көздүн тегерегинде жана денеде шишиктердин пайда болушу, зааранын көлөмүнүн жана сырткы көрүнүшүнүн өзгөрүшү, түнкүсүн тез-тез заара ушатуу, кан басымынын жогорулашы жана кескин өзгөрүп турушу, туруктуу чарчоо жана алсыздык. Адис бул белгилер байкалган учурда убакытты текке кетирбей медициналык мекемеге кайрылуу зарыл экенин белгиледи.
Бөйрөктүн саламаттыгын сактоодо үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүүнүн маанисине токтолгон Жумабаев жылына жок дегенде бир жолу креатининди, кандын жалпы анализин жана альбумин деңгээлин текшертип турууну, ошондой эле кан басымы менен кандагы канттын деңгээлин туруктуу өлчөп турууну сунуштады.
Мындан тышкары, ооруну басаңдатуучу дарыларды көзөмөлсүз колдонуу, биологиялык активдүү кошулмалар жана чөп-чар продукциялары, ашыкча спорттук кошулмалар жана май эритүүчү каражаттар бөйрөктүн саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилеп, дары-дармектерди таза суу менен гана ичүү жана өз алдынча дарылануудан алыс болуу керектигин айтты.
Бөйрөктүн саламаттыгын сактоо жолдору
Семинарда бөйрөктүн саламаттыгын коргоого багытталган күнүмдүк адаттар да каралды. Туруктуу физикалык активдүүлүк, жөө басуу, туура тамактануу, тамеки жана электрондук тамекиден алыс болуу, инфекцияларды өз убагында дарылоо жана аба ырайына ылайык кийинүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.
Жумабаев өзгөчө тамак ооруларын (ангина) жана цистит сыяктуу илдеттерди көңүл сыртында калтыруу бөйрөктөрдө сезгенүү процесстерине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Никотин бөйрөктөрдөгү майда кан тамырлардын ичкеришине себеп болуп, бөйрөк ткандарына зыян келтирерин жана оорунун өөрчүшүн тездетерин белгиледи.
Семинар катышуучулардын бөйрөк саламаттыгына байланыштуу суроолоруна жооп берүү жана оорулардын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу менен жыйынтыкталды. Семинардын соңунда кошкон салымы үчүн баяндамачы Нурлан Жумабаевге ыраазычылык баракчасы тапшырылды.