КТМУнун Ветеринария факультетинин студенттери кесиптик ак халаттарын кийишти


  • 2026-11-27

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультети тарабынан салттуу түрдө уюштурулуп келген «Кесиптик ак халат кийгизүү» аземинде биринчи курстун студенттери келечектеги кесибине алгачкы кадамын ташташты.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети тарабынан уюштурулган иш-чарага КТМУнун ректору, профессор  Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, Ветеринария факультетинин деканы, профессор Серкан Йылдырым, факультеттердин декандары, окутуучулук  курам, студенттер жана  ата-энелер катышты.

Ректор Жейлан: «Манастык болуу – бир артыкчылык»

Аземде сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин эл аралык аренадагы жетишкендиктерине токтолуп, QS рейтингинде дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарына кириши Кыргызстандагы жогорку билим берүү тармагы үчүн маанилүү жетишкендик экенин белгиледи. Университет эл аралык рейтингдердеги ордун мындан ары да бекемдөөнү улантып жатканын айткан Жейлан Times Higher Education (THE) рейтингине алгачкы жолу арыз берилгенде КТМУ дүйнөлүк рейтингде 800-орунда болгонун билдирди.

Факультеттин түптөлгөн жылдарына байланыштуу эскерүүлөрү менен бөлүшкөн ректор, Ветеринария факультетинин алгачкы мезгилинен тартып анын өнүгүүсүнө жакындан күбө болуп келгенин айтып, бүгүнкү күндө факультет Түркстан аймагындагы ветеринария багытында билим берген алдыңкы окуу жайлардын бирине айланганын белгиледи. Ошондой эле университеттин жетекчилиги тарабынан факультеттин лабораториялык жана техникалык базасын өнүктүрүү үчүн көрсөтүлгөн колдоолорго токтолуп, өзгөчө микроскоптор жана лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып берди.

Ректор, болочок ветеринар дарыгерлерге кесибин бир гана материалдык пайда үчүн аркалабоо керектигин эскертип, кесипке болгон сүйүүнүн, абийирдин жана коом алдындагы жоопкерчиликтин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал жардамга муктаж болгон жаныбар ээлерине колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, жаш ветеринарларды Кыргызстандын мал чарбачылык тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана жалпы Түрк дүйнөсүнө орток көйгөйлөргө илимий негизде чечимдерди табууга салым кошууга чакырды.

Кыргызстан тарыхта Борбордук Азиядагы мал чарбачылыгы өнүккөн маанилүү борборлордун бири болгонун эске салган Жейлан, бул мүмкүнчүлүктөрдү кайрадан жандандырууда жаш ветеринар дарыгерлерге чоң милдеттер жүктөлөрүн белгиледи. Ошондой эле университеттин заманбап жаныбарлар ооруканасында жасалган операциялар көпчүлүктүн көңүлүн буруп жатканын айтып, факультеттин академиялык курамын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Студенттерге окутуучулардын билимине жана тажрыйбасына мүмкүн болушунча көбүрөөк таянууга кеңеш берген Жейлан сөзүн: «Силер Манастыксыңар. Манастык болуу – бир артыкчылык», – деген сөздөр менен жыйынтыктады. Сөзүнүн аягында студенттер менен бирге «Бар бололу, зор бололу, жигердүү бололу!» деген ураанын кайталады.

Декан Йылдырым: «Жакшы ветеринардык дарыгер болуу абийирди, боорукерликти жана жоопкерчиликти талап кылат»

Ветеринария факультетинин деканы, профессор Серкан Йылдырым өз сөзүндө ак халат жөн гана кесиптик кийим эмес, илимдин, чынчылдыктын, боорукерликтин жана кесиптик жоопкерчиликтин символу экенин белгиледи.

Факультет 2008–2009-окуу жылында башталган билим берүү жолун заманбап илимий жана кесиптик ыкмалардын негизинде улантып жатканын айткан Йылдырым, заманбап жаныбарлар ооруканасы, окуу жана изилдөө лабораториялары, клиникалык жана талаа шарттарында практикалык сабактарды өтүү мүмкүнчүлүктөрү аркылуу студенттерге сапаттуу билим берүүнү көздөшөрүн билдирди.

«Бирдиктүү ден соолук» (One Health) концепциясынын маанилүүлүгүнө көңүл бурган Йылдырым зооноздук ооруларга каршы күрөшүү, микробго каршы каражаттарга туруктуулуктун алдын алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу мал чарбачылыгын өнүктүрүү сыяктуу багыттарда ветеринар  дарыгерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн белгиледи.

Студенттерди келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө илимий принциптерди жана этикалык баалуулуктарды бекем сактоого чакырган Йылдырым: «Ийгиликтүү ветеринар болуу үчүн билим жана тажрыйба керек. Ал эми жакшы ветеринар болуу булардан тышкары абийирди, боорукерликти жана жоопкерчиликти талап кылат», – деди.

Студенттер ак халаттарын кийишти

Ачылыш сөздөрдөн кийин студенттерге университеттин жетекчилери жана окутуучулук курамы тарабынан кесиптик ак халаттар кийгизилди. Аземде студенттердин атынан сөз сүйлөгөн Ветеринария факультетинин студенттери Берфин Эркан жана Самат Кудретов ак халат кийүү учурундагы толкундануулары жана бул күндүн мааниси тууралуу ой бөлүшүп, окутуучуларга ыраазычылык билдиришти.

    Социалдык медиада бөлүшүү