Университетибиздин Кесиптик колледжинин Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программасынын 2-курсунун студенти жана университетибиздин волейбол командасынын ийгиликтүү спортчуларынын бири Нурлан Мамадалиевдин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Тартиптүүлүгү, эмгекчилдиги жана командалык руху менен досторунун, окутуучуларынын жана жалпы университет жамаатынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон студентебиз Нурлан Мамадалиевди ар дайым жакшы элестер менен эстейбиз.
Маркумга Аллахтан ырайым тилеп, үй-бүлөсүнө, жакындарына, досторуна жана университетибиздин жалпы жамаатына сабыр жана көңүл айтабыз.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты