Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Филология факультетинин Котормо бөлүмү университеттин 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын 23-октябрында V Эл аралык «Котормо жана келечек» симпозиумун өткөрдү.
Иш-чара Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өтүп, ачылыш аземине КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Филология факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, Котормо бөлүмүнүн башчысы, доцент Салтанат Мамбаева, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинен келген профессор Эсенжан Абубакиров, Б. Юнусалиев атындагы Тил таануу институтунан Мухтар Давлетов, ошондой эле көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.
Программа эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен ачылып, «Манас» университетинин таанытуу видеосу көрсөтүлдү.
Проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Котормо – сөз эмес, маданиятты жеткирүү»
Ачылыш сөзүндө КТМУнун проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан мисал келтирип, котормодо тактык, маанинин тереңдиги жана контекстке ылайыктуулук эң маанилүү экенин белгиледи. Ал "Манас" университетинин көп тилдүү чөйрөсү котормо илимине өзгөчө баалуу тажрыйба кошорун айтып өттү.
Проректор Ибраев: «Кээ бир кесиптер келечекте жоголушу мүмкүн, бирок котормочулук өз маанисин эч качан жоготпойт. Себеби тил – адам менен бирге жашайт. Жасалма интеллект адамдын сезимин жана маданий тереңдигин толук чагылдыра албайт. Котормо – бул сөздөрдү эмес, маданиятты, баалуулуктарды жана ой жүгүртүү ыкмасын жеткирүү», – деп белгиледи.
Профессор Алпаслан Ашык: «Котормо – маданияттардын көпүрөсү»
Филология факультетинин деканы профессор Алпаслан Ашык өз сөзүндө котормонун маанисине токтолуп: «Котормо – жөн гана тилден тилге өтүү эмес, ал маданиятты, баалуулуктарды жана ой жүгүртүү формасын туура жеткирүүнү талап кылган татаал жараян. Котормочулар элдердин ортосундагы көпүрө болуп саналат. Технология жана жасалма интеллект котормо процессине жардам берсе да, адамдын чыгармачылыгын жана интуициясын алмаштыра албайт. Бул жагынан караганда, бул симпозиум абдан маанилүү», – деди.
Эл аралык илимий талкуу аянтчасы
Симпозиумдун алкагында Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген окумуштуулар котормо илиминдеги жана практикасындагы соңку изилдөөлөрүн сунушташты. Ачылыш сессияларында «Проекттик документтерди которуудагы кыйынчылыктар», «Жасалма интеллект доорунда котормочу болуу же болбоо маселеси», «Стил таануунун котормо процессиндеги ролу» жана «Кыргызстандагы тил жана котормо процесстериндеги пуризм маселеси» сыяктуу темалар кеңири талкууланды.
Эки күн бою офлайн жана онлайн форматта өткөн бул иш-чара академиялык коомчулук үчүн заманбап котормо тажрыйбаларын талкуулап, өз ара байланыштарды жана эл аралык кызматташууну чыңдоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү аянтча болду.
Симпозиум 2025-жылдын 24-октябрында өткөн жабылуу жыйыны жана катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.