2025-12-10
Биология бөлүмүндө 2025 - жылдын, 10 - декабрында Проф. Др. Өзлем Барыш тарабынан "Экстремофилдер, алардын колдонулушу жана Кыргызстандагы потенциалы" аттуу семинар өткөрүлдү.
"Экстремофилдер — бул экстримдүү шарттарда (жогорку/төмөн температура, жогорку туздуулук, кислоталуу чөйрө ж.б.) жашай алган микроорганизмдер. Алар биотехнологияда, медицинада, айыл чарбасында жана өнөр жайда колдонууга мүмкүнчүлүк берет." Семинардын жүрүшүндө экстремофилдердин өзгөчөлүктөрү, практикалык колдонулушу жана Кыргызстандагы потенциалы каралды. Семинардын аягында суроо-жооп жана талкуу өттү.