2025-12-03
Биология бөлүмүндө 2025 - жылдын, 3 - декабрында г.и.к., доцент Алмагүл Кендирбаева тарабынан "Кыргызстандын токойлорунун азыркы мезгилдеги абалы" аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө төмөндөгүдөй жалпы маалыматтар маалым болду. "Кыргыз Республикасынын токою — кыргыз элинин улуттук байлыгы. Токой мамлекеттин менчиги, экономиканын өнүгүшүнө, айлана-чөйрөнү сактоодо, калктын турмушун оңдоодо мааниси зор. Токой республиканын жыгачка ж. б. токой продукциясына болгон талабынын айрым бир бөлүгүн канааттандыруучу булак, климатка, атмосферага, суулардын гидрологиялык режимине ж. б. суу объектилерине жагымдуу таасирин тийгизип, кыртышты суу жана шамал эрозиясынан сактайт. Республиканын токойлору адам-баласынын ден соолугун чыңдоодо мааниси зор. Калктын маданий, эстетикалык талабын канааттандырып, туристтердин сүйүктүү жайы болуп калды. Республиканын аймагында карагай, арча, жаңгак-жемиши жана өрөөн-жайылма токойлор бар". Семинардын соңунда студенттер менен биргеликте баарлашуу, суроо - жооп жана азыркы учурдагы көйгөлөр тууралуу талкуу жүргүзүлдү.