2025-11-05
Семинарда Сары–Челек биосфералык коругунун учурдагы экологиялык абалы, анын уникалдуу табигый экосистемалары жана биологиялык ар түрдүүлүгү каралды. Айрыкча көлдөрдүн экологиялык абалы, токой жана тоо экосистемаларынын мааниси, эндемик жана сейрек кездешүүчү өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, антропогендик факторлор жана корукту сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан коргоо чаралары талкууланды. Доцент Назгүл Иманбердиева коруктун экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн илимий мониторингдин жана туруктуу башкаруунун маанисин белгиледи.
