2026-06-02
2026-жылдын 21-май күнү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратындагы санариптик технологиялар борборунда «Бозжол» философиялык изилдөө борбору, Сока Гаккай Интернэшнл (Soka Gakkai International, Япония) жана ИСИТО тарабынан уюштурулган “Дайсаку Икеда менен Чыңгыз Айтматовдун тынчтык жана гуманизм философиясы: XXI кылымдагы туруктуу өнүгүүнүн руханий негиздери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргызстан, Япония, Россия, Казакстан, Түркия, Германия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар катышып, Чыңгыз Айтматов менен Дайсаку Икеданын адамзаттын руханий өнүгүүсүнө багытталган идеяларын азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында кайрадан философиялык аңдап түшүнүүгө багытталган илимий баяндамаларды жасашту. Муну менен бирге XXI кылымдагы руханий кризис, гуманизм, маданияттар аралык диалог жана тынчтык философиясына басым жасашты. Конференция гуманисттик баалуулуктарды чыңдоого жана эл аралык интеллектуалдык диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.

