2025-04-09
2025-жылдын 8-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүндө «Илим жолу – 2» аттуу студенттер аралык илим изилдөө конкурсу өттү. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Орозакунович Ибраев; филология бөлүмүнүн башчысы, профессор, доктор Бурул Сагынбаева жана гуманитардык факультеттин деканынын орун басары, доценттин милдетин аткаруучу, доктор Кайрaт Белек катышуучуларга кайрылуу сөздөрүн айтышты.
Алар өз сөздөрүндө илимдин бүгүнкү күндөгү маанисин баса белгилеп, студенттерге илимий иштеринде жана кесиптик өсүүсүндө ийгиликтерди каалашты.
Пленардык жыйын учурунда филология бөлүмүнүн үч программасынын (орус тили жана адабияты, англис тили жана адабияты, кытай тили жана адабияты) студенттери доклад менен чыгышты. Конференциянын катышуучулары лингвистика жана адабият тармактарына байланыштуу актуалдуу темаларда ар түрдүү тилдерде баяндама жасады. Андан соң конференциянын иши беш секцияда уланды. Студенттер өз илимий изилдөөлөрүн сунуштап, конкурска активдүү катышты. Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды.
«Илим жолу – 2» конференциясы студенттер үчүн өз илимий потенциалын ачып, билимин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берип, илим дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштаган маанилүү иш-чара болду.