Экология инженерлиги лабораториясы

Экология инженерлиги лабораториясында экология боюнча негизги сабактарынын тажрыйбалык иштери өткөрүлөт. Лабораториянын аянты 87,7 м2 түзөт, жалпысынан 30 студентке чакталган. Лабоаторияда суунун жана топурак сапаттарын талдоо, анын ичинде курамындагы кээ бир металлдарды аныктоо изилдөөлөрү жүргүзүлөт. Лаборатория төмөнкү жабдуулар менен чындалган: Суу дистирлөөчү жабдык GFL Type: 2204, Центрифуга HERAEUS laborfuge 400, БКМ аныктоочу жабдык OXITOP BOX, OC 100, Суу мончолору HAAKE V26 жана SWB 25, Спектрофотометр CADAS 50 S, Мех. аралаштыргыч  HEİDOLPH, RZR 2021, Нымдуулукту өлчөөчү жабдык OHAUS MB200, Санариптик титрометрлер Titroline 96 жана AMA DIGIT AD 14th, Вакуумдук соркыскыч SARTORIUS AG 16612, Муфелдик меш Naberhherm L3/11/S27, Кургатуучу шкаф WTC BINDER ED 115.


Экомониторинг лабораториясы

Экомониторинг лабораториясы аянты 79,8 м2 түзөт, жалпысынан 25 студентке орун бар. Биотест ыкмасы менен топурак жана суу үлгүлөрүнүн уулуулугун аныктоо, өнөр жай калдыктарынан табылган микроорганизмдерге контролдук анализ, табигый экосистемалардын абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү сыяктуу изилдөө иштерин жүргүзсө болот. Жабдуулар: Инкубатор Hera safe Laminar, Кургатуучу шкаф ШС-80-01 СПУ, Санариптик тараза Shimadzu TXB622L, Ысыткыч Wise stir MSH-20D, Аба экофлорасын аныктагыч MAS-100 Eco жабдыгы, Мембраналык фильтр Sartorius, Вакуумдук соркыскыч Sartorius, Ионизатор Pbi international, Термостат Heraeus, Микроскоп Nikon Eclipse E 200.


Айлана-чөйрөдөгү процесстерди изилдөө лабораториясы

Аянты 53,6 м2, 25 студентке ылайыкталган. Айлана чөйрөдөгү жүрүп жаткан процесстерди түшүндүрүү максатында модельдик масштабда керектүү реакторлор жана стенддерди колдонуу. Суу жана агынды сууларды тазалоо процесстеринде физикалык, химиялык жана биологиялык ыкмаларды колдонгонду үйрөтүү.


Биосенсор лабораториясы

Лаборатория биосенсорлорду — биологиялык же биомедициналык аналиттерди аныктоо үчүн аналитикалык приборлорду иштеп чыгат жана колдонот.


Илимий изилдөө лабораториясы

Ызы-чуу деңгээлин өлчөө. Булактан аба үлгүлөрүн алуу. Айлана-чөйрөнүн радиациялык фонун өлчөө.