Бөлүм КР билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген жана лицензияланган программа боюнча иш алып келет. Билим багыты 520800 – Экология жана жаратылышты колдонуу, профили – Экология инженерлиги.

Бөлүм бакалавр, Магистр жана PhD даражаларын сунуштайт.

Азыркы учурда, адамдын ишмердүүлүгүнүн тез өнүгүүшү айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди күчөтүүдө. Буга байланыштуу жаратылышты коргоо жана рационалдуу колдонуу жаатында илимий жана билим берүү ишмердүүлүк актуалдуу болуп баштоодо. Ошону менен бирге экологиялык акыбалды мониторинг жасай алган, жаңы аз таштанды технологияларды иштеп чыгала турган, жана дагы өнөр жай объектилерин жана технологиялык чечимдерди экспертизалоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон адистерге талаптар өтөө жогору. Бүгүн экологиялык экспертизасыз ар кандай имараттарды, жолдорду, фабрикаларды же заводдорду курууга киришүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары учурдагы экологиялык акыбалда бир дагы ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн эколог-инженерлердин көзөмөлүcүз жүргүзө албайт. Бул учурда жаратылыш мыйзамдарын билүүсү жаратылышты колдонуунун практикалык чечүү жана айлана чөйрөнүн акыбалын экологиялык баалоо үчүн негиз болуп берет.

Тарых

Инженердик факультетте экологиялык инженерия кафедрасы 1997-жылы «Экологиялык технология» деген ат менен ачылган. 1998-1999-окуу жылында экологиялык инженерия деп аталды. Кафедра «520800 – Экология жана жаратылышты пайдалануу» билим берүү багыты боюнча бакалаврларды, магистрлерди даярдайт, профили – Экология инженериясы, лицензиясы №LD150000306 бюджеттик негизде. Студенттерди кабыл алуу 1997-1998-окуу жылында жүргүзүлгөн. Билим берүү программалары кредиттик сааттар боюнча эл аралык билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Учурда бакалаврлардын он тогузунчу жана магистрлердин он биринчи бүтүрүүлөрү аяктады.

Доц.док.
Нурзат ТОТУБАЕВА

Бөлүм башчысы
Бүгүн экология жөн гана жаратылыш тууралуу илим эмес. Бул — келечек менен сүйлөшүүнүн тили. Биз канчалык туура долбоорлоп, куруп, иштетип жана кайра иштете алсак, адамдардын жашоо сапаты, шаарлардын туруктуулугу жана бүтүндөй аймактардын коопсуздугу ошончолук жогору болот.
Экологиялык инженерия илим, технология жана жоопкерчиликтин айкалышында жайгашкан. Биз айлана-чөйрөнү гана изилдебестен, жаратылыш менен техниканын татаал тутумдарын коомдун өнүгүүсү табият менен карама-каршы келбегендей кылып башкарууну үйрөнөбүз. Заманбап экологиялык инженер — бул процесстердин физикасын, санариптик технологияларды, экономиканы жана экологиялык укукту бирдей түшүнгөн адис.
Биздин бөлүм дал ушундай адистерди даярдайт: ой жүгүрткөн, ийкемдүү, реалдуу маселелерге жана глобалдык чакырыктарга багытталган кадрларды. Биз кесепеттер менен гана күрөшпөстөн, көйгөйлөрдү долбоорлоо этабында алдын алууну үйрөтөбүз — бул өнөр жай ишканалары болобу, шаардык инфраструктурабы же энергетикалык тутумдарбы.
Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө: климат, ресурстар, технологиялар. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз калууда — планетага этият жана акылман мамиле кылуу зарылдыгы. Келечек инженердик тактык менен экологиялык ой жүгүртүүнү айкалыштыра билгендерге таандык.
Эгер сиз көйгөйлөрдүн эмес, чечимдердин бир бөлүгү болууну кааласаңыз — экологиялык инженерия сизди күтөт.