Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүнүн Маалымат илими лабораториясы (325-аудитория)
Максаты
Менеджмент бөлүмүнүн Маалымат илими лабораториясы студенттерге заманбап маалыматтык технологияларды үйрөтүү, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, сабактарда жана илимий изилдөө иштеринде колдонуу үчүн 2024-жылы курулган.
Негизги функциялары
- Студенттерге менеджмент багытында колдонулган негизги компьютердик программалардын көндүмдөрүн берүү,
- Илимий изилдөө, статистика жана маалымат илими тармактарында анализдерди жасоого салым кошуу,
- Практикалык сабактарда маалыматтык инфраструктураны камсыз кылуу жана
- Студенттердин компьютердик жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен заманбап доорго жана бизнес чөйрөсүнө даяр болуусун камсыз кылуу.
Материалдык-техникалык базасы
- 40 даана компьютер, 1 смарт доска жана 1 классикалык доска менен камсыздалган.
- Тармактык байланышка жана жогорку ылдамдыктагы интернетке туташкан.
- Компьютерлерге кеңсе, маалымат базалары, статистикалык жана эконометрикалык анализдөө программалары жана ERP программасы орнотулган.
Камсыз кылган пайдалары
- Кесипке даярдоо жана өнүктүрүү: Студенттерибиз менеджмент багытында колдонулган программалык камсыздоону үйрөнүү менен каалаган кесиптерине ээ болуу үчүн талап кылынган технологияларга ыңгайлашуу аркылуу өздөрүн өнүктүрүшөт.
- Теориялык билимин практика жүзүндө колдонуп көрүү: Студенттерибиз теориялык жактан алган маалыматтарын компьютерлер жана программалык камсыздоолор жардамы менен практика жүзүндө колдонуп көрүү, практикалык тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
- Изилдөөлөргө салым кошуу: Маалымат илими лабораториясы, студенттердин үй тапшырмалары, дипломдук иштери, магистрдик жана PhD диссертациялары үчүн программалык камсыздоо, маалымат чогултуу жана анализдөө этаптарында абдан маанилүү салым кошот.
Лабораториянын колдонуучулары
Маалымат илими лабораториясын Менеджмент бөлүмүнүн студенттери, факультеттин мугалимдери жана изилдөөчүлөр колдоно алышат.