2026-01-29


Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) CCAMTAC борборунун мүдүрү Холгер Флеркамайер семинар өткөрдү


Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Кавказ, Борбор Азия жана Монголия боюнча Аймактык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү борбору — CCAMTACтын мүдүрү Холгер Флеркамайер 2026-жылдын 27-январында Экономика бөлүмүнүн студенттери үчүн семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө Эл аралык Валюта Фондунун негизги максаттары, функциялары жана дүйнөлүк экономикадагы ролу талкууланды. Ошондой эле ЭВФнын Кавказ, Борбор Азия жана Монголия аймагында жүргүзүп жаткан  өнүктүрүү иш-чаралары, техникалык колдоо программалары жана экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгү тууралуу студенттерге кеңири маалымат берилди.

Студенттердин чоң кызыгуусун жараткан семинарда ЭВФнын мүчө өлкөлөр менен кызматташуу механизмдери, фискалдык жана акча-кредиттик саясатты чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле регионалдык өнүгүү процесстериндеги ролу мисалдар менен түшүндүрүлдү. Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.

Семинар экономика бөлүмүнүн студенттеринин эл аралык каржы институттары тууралуу билимин жана маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү салым кошкону белгиленди.