2025-06-02


«Исламдык каржылоо» илимий жыйыны


2025-жылдын 24-апрелинде Экономика жана башкаруу факультетинде «Исламдык каржылоо» аттуу илимий жыйын болуп өттү. Жыйынга gроф., докт. Ибрахим Халил Сугөзү, доц., докт. Мухаммед Маруф, доц., докт. Жунус Ганиев, докт. Убейдуллах Шенер жана Абдурашид Жораев баяндамачы катары катышты.

Жыйынга төрагалык кылган Экономикалык жана башкаруу факультетинин окутуучусу, проф., докт. Ибрахим Халил Сугөзү карыз алуу жана пайыздын тарыхын түшүндүрүп, бүгүнкү күндө Ислам экономикасынын зарылчылыгына басым жасады. Ал эми Түркиянын Кыршехир Ахи Эвран университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин, Бизнести башкаруу бөлүмүнүн окутуучусу, док., докт. Мухаммед Маруф Ислам экономикасынын негизги принциптеринин алкагында Ислам каржысын түшүндүрдү. Кесиптик окуу жайдын окутуучусу, докт.Убейдулла Шенер дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы исламдык каржылоонун абалы тууралуу баяндама жасады. Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика кафедрасынын доц., докт. Жунус Ганиев Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан колдоого алынган илимий изилдөө долбоорунун жыйынтыктары жана бул темадагы ой-пикирлери менен бөлүшсө, “Сарахси” эл аралык ислам каржылык изилдөө академиясынын президенти жана AAOIFI (Бахрейн) комитетинин мүчөсү Абдурашид Жораев Исламдык каржылоо секторун өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана исламдык камсыздандыруу (такафул) боюнча презентация жасап, анын маанисине токтолду. Университетибиздин, Кыргызстандын башка университеттеринен жана исламдык финансы чөйрөлөрүнүн угармандары катышкан бул жыйын суроо-жооп менен аяктады.