Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика бөлүмүнүн компьютер лабораториясы (326-аудитория)

Максаты

Экономика жана башкаруу факультетинин компьютер лабораториясы студенттерге заманбап маалыматтык технологияларды үйрөтүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында уюштурулган.

Негизги милдеттери

  • Студенттерге экономика, эконометрика, статистика, бухгалтердик эсеп жана башкаруу жаатында колдонулуучу программаларды үйрөтүү (мисалы, Excel, SPSS, Stata, EViews, 1С, Python, R ж.б.).
  • Илимий-изилдөө иштерин жана статистикалык анализдерди жүргүзүүгө көмөктөшүү.
  • Практикалык сабактарда заманбап программалык камсыздоолорду колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
  • Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Материалдык-техникалык базасы

  • Жогорку сапаттагы заманбап компьютерлер жана смарт-доска менен жабдылган.
  • Тармактык байланыш жана интернетке тез ылдамдыктагы туташуусу бар.
  • Программалык камсыздоолор: Microsoft Office пакети, SPSS, Stata, EViews, бухгалтердик эсеп программалары ж.б.

Пайдасы

  • Практикалык көндүмдөр: Студенттер теориялык билимдерин статистикалык маалыматтарды анализдөө аркылуу бекемдей алышат.
  • Жумушка орношууга даярдык: Лабораторияда атайын программалар менен иштөөнү үйрөнгөн студенттер жумушка орношууда атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.
  • Илимий-изилдөө иштерине өбөлгө: Тапшырмаларды, дипломдук жана магистрдик иштерди жазууда лабораторияны пайдаланып, реалдуу маалыматтарды талдоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
  • Мультимедиалык ресурстар: Лекцияларды, вебинарларды өткөрүү, окуу материалдарын лаборатория аркылуу өздөштүрүү.
  • Кесиптик өнүгүү: Студенттер IT жана экономика тармагындагы кесиптик багытта өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Колдонуучулар

  • Экономика, финансы жана кредит, менеджмент сыяктуу адистиктерде окуган студенттер.
  • Факультеттин окутуучулары жана изилдөөчүлөрү.