Үн жаздыруучу студия

Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнө караштуу үн жаздыруучу студия C-108 бөлмөсүндө жайгашкан. Студия 2020-жылы курулган жана бюджети 2000$ түзгөн. Бул үн жаздыруучу студия билим берүүчү максаттарда колдонулат жана студенттер курстук иштери, сабактары, дипломдук долбоорлору алкагында аткарган практикалык иштеринде пайдалана алышат. 


Фотостудия

Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнө караштуу фотостудия Коммуникация факультетинин имаратында C-101 кабинетте жайгашкан. Фотостудия 2005 жылы түптөлгөн жана жалпы 15 000 долларлык техникалык керектүү жабдык менен жабдылган. Фотостудия билим берүүчү максаттарда колдонулат жана студенттер курстук иштери, сабактары, дипломдук долбоорлору алкагында аткарган практикалык иштеринде пайдалана алышат. Мындант тышкары бул жайда фотография боюнча сабактар өтүлөт. Студияга 20 адам батат. 


Анимация лабораториясы

Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнө караштуу Анимация лабораториясы Коммуникация факультетинин имаратынын С-204 бөлмөсүндө жайгашкан. Бул лаборатория анимациялык долбоорлорду ишке ашыруу, студенттерге анимациялык программаларды үйрөтүү, билим берүү максатында түзүлгөн. 22 орундуктуу анимациялык лаборатория анимациялык программалар менен иштей ала турган атайын компьютерлер жана башка керектүү 22 000 доллардык жабдыктар менен жабдылган.