2026-02-04

Коммуникация факультетинде стратегиялык өнүгүү жыйыны өттү


Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде 2026-жылга карата факультеттин максаттарын аныктоо иштери башталды. Бул иш-чара университеттин Сапатты башкаруу системасы, стратегиялык планы жана үзгүлтүксүз жакшыртуу принциптери алкагында жүргүзүлдү.

Факультеттин окутуучулары катышкан жыйында KTMU-PR-YON-12 “Максаттарды аныктоо процедурасына” ылайык факультеттин билим берүү, изилдөө, эл аралык кызматташтык, санариптештирүү жана коомго кошкон салым багытындагы приоритеттери талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө KTMU-FR-YON-18 “Бөлүм максаттарын аныктоо формасына” ылайык даярдалган максаттар каралды, ошондой эле аткарылыш көрсөткүчтөрү, баалоо ыкмалары, убакыт пландары жана жооптуу бөлүмдөр так белгиленди.

Андан тышкары, жыйында факультеттин академиялык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, практикалык жана портфолио- негизиндеги билим берүү моделдерин жайылтуу, эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана факультеттин санариптеги көрүнүүсүн туруктуу негизге жайгаштыруу сыяктуу маселелер да каралды. Белгиленген максаттар жыл ичинде көзөмөлдөнүп, Ички баалоо отчету (ИБО) процессине маалымат берип, сапатты камсыздоо механизмдерин колдоого алууга багытталары белгиленди.

Жыйындын соңунда катышуучулар жана ачык-айкын башкаруу принцибине таянып жүргүзүлүп жаткан иштердин, Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин ректору профессор Алпаслан Жейландын стратегиялык көрсөтмөлөрү жана институттук колдоосу менен коммуникация факультетинин институттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана университеттин сапатка багытталган көз карашына салым кошуу максатында улантылары баса белгиленди.