Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн лабораториясында мөмө-жемиштер, жүзүмзарлар жана декоративдик өсүмдүктөр жаатында ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн изилдөөсү өсүмдүктөрдүн интродукциясын, жыныстык жана жыныссыз көбөйүү ыкмаларын, ачык талаа жана күнөсканада өстүрүү, жер-жемиш, жашылча-жемиш жана жүзүмзар аянттарын түзүү боюнча изилдөөлөрдү камтыйт. Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн лабораториясы өсүмдүктөрдүн жана уруктардын үлгүлөрүнө ар кандай химиялык, биохимиялык жана физикалык анализдерди жүргүзүү үчүн баардык керектүү инфраструктура менен камсыздалган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биотехнология лабораториясынын милдеттери: айыл чарбасында маанилүү гендерди изилдөө (өстүрүлгөн сорттордун жакын туугандарынын, жергиликтүү жана өркүндөтүлгөн сортторунун жана асыл тукум линияларынын маркерлерин колдонуу менен тандоо методу), өсүмдүктөрдүн жана сорттордун түрлөрүн, бактериялар жана козу карындар сыяктуу организмдерди аныктоо жана мүнөздөө, ошондой эле биотикалык жана абиотикалык стресс факторлору боюнча изилдөө жүргүзүү менен зыянкечтерге жана илдеттер факторлоруна туруштук берүү механизмдерин баалоо, алардын ортосундагы өз ара байланыштын салыштырмалуу деңгээлин аныктоо. Мындай изилдөөлөр үчүн лаборатория керектүү техникалык жана аппараттык инфраструктура менен камсыздалган.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультетинде 3 динамикалык башкарылуучу атмосфералык кампа бар. Бул кампаларда үрөндөр жана өсүмдүктөр сакталат. Мындан тышкары, бул кампаларда өсүмдүктөрдүн суук стресске физиологиялык жооптору изилденүүдө.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин талаа өсүмдүктөрү лабораториясынын милдеттери талаа өсүмдүктөрүн изилдөө; өсүмдүктөрдү өстүрүүдө таасир этүүчү факторлорду (айлана-чөйрө, климат, топурак, өсүмдүктөрдүн генотипи) изилдөө жана жогорку түшүм алуу, сапатын жогорулатуу үчүн ылайыктуу ыкмаларды колдонуу. Мындан тышкары, айрым талаа өсүмдүктөрдүн (дан, буурчак, техникалык, тоют, дары-дармек, жыпар жыттуу жана энергетикалык өсүмдүктөр) биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле отоо чөптөр менен күрөшүү жана органикалык айыл чарбасынын технологиялары жана анын принциптери кеңири изилденүүдө.
Топурак жана өсүмдүктөрдүн азыктануу лабораториясы 2017-жылы негизделген. Учурда инфраструктураны түзүү үчүн зарыл жабдууларды жана техникаларды сатып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Лабораторияда тиешелүү жабдууларды алуудан кийин топурактын ар кандай анализдерин жүргүзүү, топуракта жана өсүмдүктөрдө макро- жана микроэлементтерди өлчөө, ошондой эле башка тиешелүү тесттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.