2026-02-03

Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин делегациясы факультетибизге иш сапары менен келишти


2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана Туризм департаментинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Абакирова факультетибизге иш сапары менен келишти. Сапар учурунда деканат жана бөлүм башчылары менен кыргыз туризмине байланыштуу биргелешкен долбоорлор талкууланды. Жолугушуудан кийин факультетибиздин лабораториялары, устаканалары жана аудиториялары менен тааныштырылды.

Сапар учурунда университетибиздин проректору Исмет Алтынташ менен кыргыз туризм тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болуп, кызматташуунун потенциалдуу багыттары талкууланды.

Программанын аягында Касымов мырза университетибизге кыргыз кышкы туризмине арналган Travel and Leisure журналынын 40 нускасын белек кылды. Деканыбыз проф., докт. Нурудин Кыдыралиев ага туризм долбоорлорунун жыйынтыктарын чагылдырган китептерди жана гастрономиялык картаны белек кылды.